Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-сентябры № 6/1
Күнтуу айыл өкмөтүнүн Уставын жаны редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011- жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»-мыйзамынын негизинде Күнтуу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун, Сокулук районунун, Күнтуу айылдык аймагынын «Күнтуу айыл өкмөтүнүн»-Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин
2. Күнтуу айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн;
3. Ушул чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра
каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана
мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо
маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же)жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.И.Корголдоевке жүктөлсүн;
Төрага | У.Астаркулов |
| Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айылдык кенешинин 2017-жылдын «18»сентябрындагы №6/1 токтому менен БЕКИТИЛДИ |
1. «Чүй облусунун, Сокулук районунун, Күнтуу айылдык кенешинин «Күнтуу айыл өкмөтү» -мекемеси (мындан ары айыл өкмөтү) - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – айылдык кенештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн аткаруу органы;
2. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнүн актыларын, тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Айыл өкмөтү калк менен, коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт. Айыл өкмөтү жылына кеминде бир жолу кеңештин алдында, ошондой эле ошол кеңештин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочуларынын чогулуштарында жана жыйындарында отчет берет.
4. Айыл өкмөтү өз иш-аракетин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат:
мыйзамдуулуктун;
тиешелүү кеңештин жана калктын алдында отчеттуулуктун;
жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун;
социалдык акыйкаттуулуктун;
маалымдуулуктун, коомдук пикирди эске алуунун;
жергиликтүү жана мамлекеттик таламдарды айкалыштыруунун;
өкүлчүлүктүү жана аткаруу-тескөө органдарынын милдеттери менен ыйгарым укуктарын чектөөнүн;
өздөрү тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларды өздөрү камсыз кылуунун жана өздөрү каржылоонун;