Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 27-сентябры №7/5
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 707 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн шаардык Аксакалдар кеңеши жөнүндө» жобосу бекитилсин.
2. Аксакалдар кеңешинин сапаттык курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо шаардык кеңештин аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Х. Эргешовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык аксакалдар кеңеши жөнүндө
I. Жалпы Жобо
Аксакалдар кеңеши аймактык өз алдынча башкаруу жамаатынын коомдук органынын бир бутагы болуп эсептелет. Ал өз аймагында жашаган бардык аксакалдардын кызыкчылыгын коргоп, аларды социалдык жактан коргоо, кварталдар арасында кадыр-баркын көтөрүүгө жана алардын коомдук тарбиялык иштерге активдүү катышуусуна жетишүүгө чакырат.
Аксакалдар кеңеши элдин биримдигин, достугун чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын, үрп-адат, каада-салтын өнүктүрүүгө, мамлекетибизде жүрүп жаткан саясий-маданий, экономикалык, социалдык жана чарбалык реформаны андан ары тереңдетүүгө, элдин күнүмдүк жашоо турмушун оңдоого, келечек муундарды тарбиялоого, Президентибиздин, Өкмөтүбүздүн саясатын колдоого, аймактын ар бир жашоочусуна багыт берип, аларды активдүү ишке тартат.
Аксакалдар кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 8-главасынын 55-беренесине ылайык түзүлөт.
Аксакалдар кеңешин уюштуруунун тартиби, укуктары жана милдеттери башка коомдук уюмдар, эмгек жамааттары менен болгон мамилеси ушул аксакалдар кеңеши жөнүндөгү жободо аныкталат.
Жобо шаардык кеңеште каралат жана бекитилет.
II Аксакалдар кеңешин уюштуруунун принциптери:
2.1. Аксакалдар кеңеши шаардык аксакалдардын демилгеси менен шаардын жалпы чогулушунда шайланат. Анын курамы 9-13 адамдан түзүлөт, ачык добуш менен шайланат. Аксакалдар кеңешинин курамынан шаардын мэринин сунушу менен кеңештин төрагасы шайланат. Аксакалдар кеңешинин курамынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер анын төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
2.2. Аксакалдар кеңешинин төрагасынын сунушу менен анын орун басары жана катчысы добушка коюлуп, жарымынан көп добушка ээ болгону шайланды деп эсептелет.
2.3. Зарылчылыгына жараша аксакалдар кеңешинин курамын толуктоо, жаңылоо шаардын аксакалдарынын жалпы чогулушунда кеңештин төрагасынын сунушу менен жүргүзүлөт.
2.4. Аксакалдар кеңешинин жогорку органы шаардагы аксакалдардын жалпы жыйыны болуп эсептелет. Чогулуш зарылчылыгына жараша боло берет, бирок бир жылда анын бир ирет болушу шарт.
Аксакалдар кеңешинин жалпы чогулушунда шаардын экономикалык, маданий, социалдык абалына, шаарда жашоочулардын эмгекке, тартипке, тазалык-тарбиялык иштерге, элдин жашоо турмушуна байланыштуу бардык маселе каралат.
2.5. Шаарда жашоочу элдин айрым күндөлүк маселелери аксакалдар кеңешинин олтурумунда каралып чечилет. Олтурум зарылчылыгына жараша өткөрүлө берет, бирок айына бир ирет өткөрүлүүсү шарт.
2.6. Аксакалдар кеңешинин олтурумунун чечимдери сунуш катары кабыл алынат. Шаардын аймагындагы ишкана, мекеме, менчигинин түрүнө карабастан жеке ишканалар анын сунуштарын кароого жана жооп берүүгө милдеттүү.