Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 27-сентябры №7/8
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 13-майындагы №2 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын «Ош областтын интегралдаштырып өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча №2 Төрт-Көчө жана №4 Таштак муниципалдык аймактык башкаруусунун жергиликтүү өнүктүрүү комитети жөнүндө Жобосу депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын «Ош областтын интегралдаштырып өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча № 2 Төрт-Көчө жана № 4 Таштак муниципалдык аймактык башкаруусунун жергиликтүү өнүктүрүү комитеттеринин курамы сунушталган тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо шаардык кеңештин аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча №4 Ташлак муниципалдык аймактык башкаруу жергиликтүү өнүктүрүү комитети жөнүндө
1. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. №4 Ташлак муниципалдык аймактык башкаруу жергиликтүү өнүктүрүү комитети (мындан ары – өнүктүрүү комитети) дайыма аракеттенген коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп эсептелинет. Өнүктүрүү комитети БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун Ташлак аймагынын деңгээлинде натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлдү.
1.2. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Өнүктүрүү комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетектейт.
1.3. Өнүгүү комитети өзүнүн милдеттерин акы төлөөсүз негизде аткарат.
1.4. Өнүгүү комитетинин мүчөлөрү айыл жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланат.
1.5. Айылдын коомдук иштерине активдүү катышкан, көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун жакшы билген ушул айылдын ар бир жашоочусу өнүгүү комитетинин мүчөлүгүнө шайлануусу мүмкүн.
1.6. Өнүгүү комитетинин ушул жобосу жана анын курамы шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
1.7. Өнүгүү комитетинин ишине кеңешчи же эксперт катары мамлекеттик эмес жана коомдук уюмдардын, башка донордук уюмдардын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ КОМИТЕТИНИН ФУНКЦИЯСЫ
2.1 Жергиликтүү өнүгүү комитетинин функциялары:
а) Долбоорду натыйжалуу ишке ашырууга карата, чечим кабыл алууга таасир тийгизүүнү жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү жамааттын алкагында өз алдынча башкарууну жүргүзөт.
б) Айылдын маанилүү көйгөйлөрүн БУУӨПтүн долбоорунун каржылык, техникалык, кеңеш берүү жана башка колдоолорунун эсебинен ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана коюлган милдеттерди ишке ашырууну уюштуруу.
в) БүүӨПтүн долбоорунун колдоосуна сунуштала турган аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоордук билдирмелерге карата алгачкы тандап алууну жүргүзүү;
г) Арыз ээлеринин социалдык-экономикалык долбоордук билдирмелери боюнча БүүӨПтүн долбоорунун колдоосуна талапкерликке сунуштоо же сунуш берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;