Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-июлу №VII/IV
Диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 1-жарым жылдыктагы аткарган иштери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап айыл кенеши
(А/ кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 1-жарым жылдыктагы аткарылган иштеринин абалы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |
Диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 1-жарым жылдыктагы аткарган иштери тууралуу
Аксакалдар соту боюнча:-
-Арыз даттануулар боюнча 13 арыз текшерилип, алардын ичинен
Арыздын себептери жана шарттары боюнча:
Мүлктү башка бирөөнүн мыйзамсыз элөөсүнөн кайтарып алуу боюнча-1
-Үй-бөлөлүк чыр чатактар жөнүндө -3
-РИИБ нөн келген материалдарды чечүү боюнча -3
-Көчөнү кеңейтүү жөнундө-2
-Ата-энелердин үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдетин аткарбагандыгы жөнүндө -1
-Зыян келтирген мүлктүн ордун толтуруу боюнча -1, 12 миң сом өндүрүлдү.
-Райондук ички иштер бөлүмүнө компитенциясынын негизинде жиберилген материал-2.
Арыз менен кайрылгандардын билими боюнча:
-Жогорку билимдүүсү -1
-атайын орто -2
-орто билимдүүсү-10