Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-ноябры №IX/V
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү Типтүү келишимдин мазмуну, тараптардын укуктары жана милдеттери, аны колдонууга киргизүү, шарттарын өзгөртүү, ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу негиздери жана тартиби тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Таш айылдык Кеңеши (Туруктуу комиссия)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү “Типтүү келишим” бекитилип берилсин.
2. Кара-Таш айыл өкмөтү менен Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) ортосунда типтүү келишим түзүлсүн.
3. Жаңыдан түзүлгөн келишимдин иш-кагаздарын даярдоо ЖПБнин төрагасы А.Мамытовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык Кеңешинин айыл чарба, суу жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |
Ош облусунун Ноокат районунун
Кара-Таш айыл аймагынын 2017-жылдагы
«__» _________ Жергиликтүү кеңештин № ___ токтому менен
«БЕКИТИЛГЕН»
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Кара-Таш айылы | "___" _________ 2017-ж. |
Келишимдин мазмуну: Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш жергиликтүү кеңештин 2017-жылдын «__» _________ №_________ токтомунун негизинде иш жүргүзгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын башчысы Мамарасулов Батырбек Сулайманович аркылуу, мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (фамилиясы, аты, атасынын аты)
органы» бир жагынан жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы Мамытов Асанович аркылуу, Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл (фамилиясы, аты, атасынын аты)
аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары – «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси», экинчи жагынан төмөнкү келишимди түздүк:
1. Келишимдин мазмуну;
1.1 Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет. Жайыт жерлердин жалпы аянты: __________________________________________________________________________
Жайыттын түрү жана аянты ___________________________________________________