Редакцияот 14.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XX сессиясы (бешинчи чакырылыш)

 

2017-жылдын 14-июлу №3

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

 

Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамын карап чыгып айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

2. Комиссиянын бекитилген курамына айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралу Жобого ылайык иш алып баруу жана жогорудагы маселе боюнча иш регламентин иштеп чыгуу милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Мурзаев)

 

Төрага

А. Беделов

Айылдык кеңештин 2017-жылдын

 « 14 » - июлунда өткөрүлгөн №ХХ

 сессиясынын № 3 токтомуна № 1

 тиркеме.

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамы :

1.       Туйбаев Таалайбек – айыл өкмөтүнүн башчысы.

2.       Мурзаев Асабидин- айылдык кеңештин депутаты

3.       Адашов Алмаз - айылдык кеңештин депутаты

4.       Зикиров Абдимомун – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

5.       Алдраков Сырбек - айылдык кеңештин депутаты

6.       Атабаев Эрмамат – айылдык кеңештин депутаты

7.       Базарбаев Төлөнбай – айыл өкмөтүнүн юристи.

8.       Ураимов Сайфидин – айыл өкмөтүнүн башкы адиси

9.       Калбаев Балтабай – айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси

10.     Кудайкулова Нурила – айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси