Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы №1
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылган) биринчи сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты (жашы боюнча эң улуу) | Мадусманов В. |
Кызыл-Кыштак
айылдык кеңешинин
2017-жылдын 10
-январындагы №1-
токтому менен бекитилген
«Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин» Регламенти
I. Жалпы жоболор.
«Кызыл-Кыштак атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңеши» (мындан аары- Айылдык Кеңеш) -Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кеңештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
1.1. Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөрү жана штампы болот.
Айылдык Кеңештин Регламенти, айылдык Кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кеңештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык экономикалык өнүктүрүүн жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;