Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-октябры №1
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ -чакырылышынын ХI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамадалиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамадалиевдин тогуз айда аткарган иши канаттандыраарлык деп табылсын.
3. Арал айыл аймагында суу ташкынынан зыян тарткан 112,75 га жерлерди жер салыгы салык кодексинин 344- статьясынын 2-пунктунун негизинде салык төлөөдөн бошотулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө туруктуу комиссиянын төрагаларына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Мамадалиева |
Арал айыл аймагынын социалдык - экономикалык өнүгүү программасын
турмушка ашырууда Арал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айына карата аткарган иштери жөнүндө
МААЛЫМАТ
Арал айыл аймагы 5 айылдан турат. Жогорку Арал - 299 , Орто Сай- 93, Черемушка -94, Чертек Сай- 197 , Интернационал – 390 түтүн болуп 1073 кожолук 6414 киши жашайт.
Арал айыл аймагында 2 орто жана 1 негизги билим берүүчү мектептер, 3 балдар бакчасы, 1 кесиптик лицей, 1 маданият үйү, 1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 дарыкана бар.
2017-жылда ички миграция боюнча 39 жаран чыгып, 25 жаран каттоого турду.
2017- жыл ичинде 265 адам жарандык паспортторун алууга жетишишти, алардын ичинен Өзбекстандан келген келиндер 6 адам, этникалык кыргыздардан 4 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышты.
Пенсионерлер 616 киши, алар бир айда 2 млн 728 мин 835 сом, пенсия алышат. Жөлөк пул алуучулар 2017-жылдын 1-октябрына карата 78 үй бүлө, анын ичинде 261 бала болуп, чектелген сумма бир айда 211 410 сомду түзөт, жана социалдык жөлөк пул алуучулар 52 адам, анын ичинен 18 жашка чейинкилери 27 адам, буларга чектелген сумма 1 млн 548 сомду түзөт.
Жакырчылык деңгээли 2016-жылдын 1-январына 33,4 %, 2017-жылдын 1-январына карата 32,5 % болуп, 0,9 % төмөндөгөн, 10 үй бүлөнүн жашоо деңгээли жогорулаган.
Азыркы учурда ата-энесинин камкордугунан толук ажыраган 6 бала каттоодо турат. 2015-жылы тоголок жетим балдарга эсептик счет ачылган, 2017-жылы 2 баланын эсебине 1000 сомдон акча каражаты которулуп берилди. Бир балага эсеп ачуу боюнча документтери даярдалууда, үч баланын камкордукка алуу боюнча соттун чечими чыга элек.
Жакырчылыкты кыскартуу, жакыр үй бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы “Балдары бар аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык конракттын негизинде ар айдагы жөлөк пулду берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндөгү” № 486 токтомун турмушка ашыруу үчүн жөлөк пул алуучулардын арасынан бул долбоорго 11 үй бүлө тандалып алынып, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча 1 үй бүлөгө жана мал чарбасына 10 үй бүлөгө бир транш менен акча каражаттары райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан төлөнүп берилген. Ошондой эле Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 35-б буйругунун негизинде жогорудагы пилоттук долбоорго кошумча дагы үч үй бүлө тандалып алынып, алар менен да соц.контракттар түзулгөн. Натыйжада мал-кой алышкан. Сентябрь айында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистери тарабынан кайчылаш текшерүү жүргүзүлдү.
2017-жылдын тогуз айында 103 үй бүлөгө 137 миң 730 сомдук түрдүү материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Ошондой эле кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен женилдетилген шартта 13 үй бүлөгө 10,0 га жер ажыратылып берилди.
Жумушсуздукту кыскартуу, кесипке кайра окутуу боюнча № 68 кесиптик лицейде кондитердик азыктарды даярдоо боюнча 15 кыз-келиндер жана ширетүү иштери боюнча 15 эркек балдар 3 айлык курста окуп билим алышып сертификатка ээ болушту. Алардын ар бирине Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 250 сомдон үч айга 750 сом стипендия төлөнүп берилди.
Окуучулардын коопсуздугун сактоо, билим сапатын жогорулатуу максатында бардык мектептерде видео байкоочу орнотулган, алар жакшы натыйжасын берүүдө.
Күз-кыш мезгилине карата бардык билим берүү мекемелерине көмүр түшүрүлүп берилди.