Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы №2
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2017-жылга иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып айылдык кеңештин I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин 2017-жыл карата иш планы бекитилсин.(тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин торагасы | К. Мусаев |
Жооптуу катчысы | М. Мамытов |
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2017-жылдын
20. 01. № 2 токтому менен бекитилген
Кызыл – Октябрь айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планы
1. 2017-жылы Кызыл – Октябрь айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1. Айылдык кеңештин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү ( 2017-жыл, 1- квартал, айылдык кеңештин төрагасы К. С. Мусаев жана айылдык кеңештин жоопту катчысы М. Мамытов)
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана социалдык жактан корголушу жөнүндө 2016-жыл үчүн жылдык отчету ( 2017-жылдын 1-квартал, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы)).
3. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2017-жыл, 1-квартал айылдык кеңештин «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи»).
4. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал айылдык кеңештин «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи»).
5. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджеттин кирешелер, чыгашалар бекитүү. Айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн структурасын жана штаттык санын бекитүү.(2017-жыл, 1-квартал айылдык кеңештин «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи»).
6. Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы «2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата аткарылып жатка ниш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (2017-жыл, III квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соц. адиси К. Сопуев)
7. Бюджеттин 2017-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2017-жыл, 111 квартал айылдык кеңештин «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи»).
8. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2017-жыл, III квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соц. адиси К. Сопуев)
9. Социалдык тармактагы мекемелеринин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2017-жыл, III квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн орун басары)
10. Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы вет сервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2017-жыл, 1 квартал, айыл чарба маселерлери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн вет. адиси Б. Жанибеков).
11. Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери, бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана 2017-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, I квартал, айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссия, жайыт комитетинин башчысы С. Камалов)