Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-апрели №3/4
Авлетим айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.С. Абдиевдин "Айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочулары менен жолугушуу чогулуштарында айтылган сын-сунуштар жана талаптар боюнча иш чараларынын планын бекитүү жөнүндө" билдирүүсүн угуп, Авлетим айылдык кеңештин VII чакырылышынын 3 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык кенешинин депутаттарьшын өз шайлоочулары менен жолугушуу чогулуштарында айтылган сын-сунуштар жана талаптар боюнча иш чараларынын планы бекитилсин. (иш чаралардын планы тиркелет.)
2. Иш чаралардын планында көрсөтүлгөн сын сунуштардын аткарылышын көзөмөлгө алуу тиешелүүлүгүнө жараша айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдьж кеңештин төрагасынын орун басары А.С. Абдиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
Авлетим айылдык Кеңешинин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочулары менен
айылдык Кеңештин депутаттарынын жолугушуу жыйындарында жарандар тарабынан айтылган
сын сунуштарды аткарууга алуу боюнча Авлетим айылдык Кеңешинин иш чараларынын планы.
"9" январь 2017-жыл МУКУР айылы
кат" № | Маселенин которгон атуулдун (жарандын) аты жөну | Коюлган маселенин мазмуну | Аткарылуу боюнча көрүлүүчү чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Ким көзөмөлдөйт. |
1 | Нурбаев Н | Сары-Жайыкка суу маселеси |
|
|
|
2 | Мамбеталиев Т | Мектептеги таштандылар боюнча | Айыл башчы күн жылыган мезгилде тазалайт | Апрель | Айыл өкмөт |
3 | Жапаркулов К | Жайлоодогу жайыт маселесин чечүүжана жайлоонун жайыт акысын чечуу | Жайыт комитети | Март | Айыл өкмөт |
4 | Жумабаев С | Мукур мектебинин директорунун уюштуруу иштерин көзөмөлдөө жана жоопкерчилигин кароо. | Айылдык кеңеш тарабынан мектеп директоруна эскертүү берилет. | I квартал | АЙЫЛ ӨКМӨТ |
|
| Жаны конуштун жолуна шагал төгүү (Мүрзөгө кеткен Долоно-Булак жолу) | Жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнсө айыл башчы аткарат. | II квартал | Айыл өкмөт |
5 | Келдияров Г | Пособия боюнча маселе айтып, аны жогорку кеңешке билдирүү жөнөттүү | Сессияда карап айылдык кеңеш аткарат. | Январь | Айылдык кеңеш. |
6 | Нурбаев Н | Котур-Булакка иштеген балдарга айлык акы берилген эмес. | Айылдык кеңеш көзөмөлдөп, айыл өкмөтү аткарат. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
|
| ФАПтын кызматкерлеринин иш алып баруусун көзөмөлдөө. | Айылдык кеңеш А.Амановго эскертет. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
7 | Сарыбаева Т | Уюшулуп жаткан бала бакчага жумушчунун жаш курагы, билими каралсын. Жетекчиси Мукурлук болсун. | Айылдык кеңеш менен айыл өкмөтү биргеликте иш алып барат. | Февраль | Айылдык кеңеш. |
8 | Мамбеталиев Т | Мектеп менен бала бакча катуу көзөмөлгө алынсын. | Айылдык кеңеш менен айыл өкмөтү биргеликте иш алып барат. | Февраль | Айылдык кеңеш. |
9 | Дубанаев И | Айылдагы трансформатордун күчүн жогорулатуу | Айыл өкмөтү Аксы РЭСине кайрылат | II квартал | Айыл өкмөт |
|
| "9" январь 2017-жыл | Итагар айылы |
|
|
10 | Алымкулова А | Мүрзөгө өткөн көпүрөнүн эки жагын бекемдөө, бала бакча уюштуруу, ФАПтын кызматкерлерин көзөмөлдөө. | Айыл өкмөт, №6 ГСВ жетекчиси А.Аманов менен биргеликте. | II кварта, III квартал | Айыл өкмөт |
|
| Мектептин 2 классын полдоо. | Айыл өкмөтү, токой чарба менен иш алып барат. | III квартал | Айыл өкмөт » |
|
| Чоп жайытка кеткен жолду оңдоо | Айыл өкмөту жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп иш алып барат. | III квартал | Айыл өкмөт |
|
| Телевышка орнотуу | Айыл өкмөтү тийиштүү мекемелерге кайрылат. | II квартал | Айыл өкмөт |
|
| Мектептин ашканасына суу киргизүү жана жылуулугу. | Айыл өкмөтү мектептин директору менен иш алып барат. | II квартал | Айыл өкмөт |
11 | Жолдош уулу К | Мектептин уюштуруу иштерин текшерүү, фонддун жана өздүк чарбанын кирешесин текшерүү. | Айылдык кеңеш комиссия түзүп карап чыгат. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
|
| "10" январь 2017-жыл | Авлетим айылы |
|
|
12 | Жээналиев Н | Трансформатор, электр мамычасы курулган жок. Ак-Дөбө айылынын жолу начар. | Жергиликтүү бюджеттен . акча каралса айыл өкмөтү аткарат. | II квартал | Айыл өкмөт |
13 | Кожомкулов У | Шадыбек-Булак жолуна шагал төгүү. | Жергиликтүү бюджеттен акча каралса айыл өкмөтү аткарат. | III квартал | Айыл өкмөт |
14 | Сатыкулов Ж | Улак чабууга берилген жердин мыйзамдуулугун сурады. | Жер адис жооп берет. | III квартал | Айыл өкмөт |
15 | Шабданов К | Аялдар кеңешинин ишин кароо, участкалык милициянын ишин кароо, мечит кызматкерлеринин ишин кароо. | Айыл өкмөт иш алып барат. | Iквартал | Айыл өкмөт |
16 | Жолдошов Р | Базардын тазалыгын көзөмөлгө алуу. | Айыл өкмөт иш алып барат. | II квартал | Айыл өкмөт |
17 | Нуралиев М | Жайытка жана токой чарбага алынган мал акыга бир баага келүү. | Жайыт комитети токой чарба менен бирге иш алып барат. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
18 | Бөрукулов Ж | Капчыгай айылы менен Көк-Жангак айылынын электр зым чубалгыларын бөлүү, электр мамычаларын жаңылоо. | Айыл өкмөт РЭС менен биргеликте иш алып барат. | III квартал | Айылдык кеңеш. |
|
| Шилби-Сай боюнча чек араны тактоо жана капчыгайдагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө өткөн жерди кайтарып алуу. | Жер адис айыл өкмөтү иш алып барат. | III квартал | Айылдык кеңещ. |