ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (IV чакырылыш)
2016-жылдын 24-августу №28
Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча шаардык Кеңештин комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №52-токтому менен бекитилген Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиясынын курамындагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтогондугуна байланыштуу, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №52-токтомунун №3-“Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамы” жөнүндөгү тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Зулимовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2016-жылдын 24-августундагы
кезектеги IV сессиясынын № 28-токтомуна
№1-тиркеме
Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын
1. Ормонов Жапарбек – Ош шаардык Кеңешинин төрагасы,
Туратович комиссиянын төрагасы;
2. Зулимов Шакир - Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун
Мулашевич басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3. Эргашева Апизакан – Ош шаардык Кеңешинин башкы адиси,
Таштемировна комиссиянын катчысы;
КОМИССИЯНЫН МҮЧӨЛӨРҮ:
4. Батыров Акбарали Таштанович – Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы;
5. Осмонов Ашим Алымович – Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери
боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы;