Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-октябры №7-1
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиевдин отчетун угуп жана талкуулап Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнуктүрүү багытында Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын
2. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. 2017- “Ыйман,адеп жана маданият” жылын өткөрүү боюнча түзүлгөн иш-чаралардын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл башчыларга,маданият кызматкерлерине жуктөлсүн.
4. Дыйкандардын улүштук жерлеринен,жарандардын огород участкаларынан чыккан сууларды качыруу,дренаждарды казып тазалоо,адамдарга коркунуч туудурган селканалдар боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга маалыматтарды берип,2018-жылдын бюджетине киргизүүгө аракет жасоо өзгөчө кырдаалдар боюнча адис М.Эргешовага милдеттендирилсин.
5. Аткарылбай келе жаткан тамчылытып сугаруу,күнөөсканаларды куруу боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу менен которуштуруп айдоого м аани берип,эгилген эгиндердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тынымсыз аракеттерди көрүү жер адистин милдетин аткаруучу Абабакировго милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетин аткаруу боюнча ай сайын жеткирилген план-тапшырмаларды өз убагында аткарууну ,ижара акылардын өз убагында төлөнүүсүн камсыз кылуу ФЭБүнө тапшырылсын.
7. Социалдык коргоого муктаж болгогн жарандарга бөлүнгөн акча каражатын өз убагында даректуу адреске жеткирүу соц.адис Эркебаевага милдеттендирилсин.
8. Окуучуларга татыктуу тарбия ,сапаттуу билим берүү менен жаштарды патриоттулукка ундөө интернет булактары аркылуу ойнотулуп жаткан терс маанидеги оюндардан алыстатуу,болтурбоо боюнча ата-энелер менен биргеликте иш жургузүү жагы мектеп директорлоруна жүктөлсүн.
9. Калкты медициналык жактан тейлөөнун сапатын жогорулатуу,оорулардын алдын –алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу уй-бүлөлук дарыгерлер топторунун башчыларына тапшырылсын.
10. Жайыт пайдалангандыгы,сугат суудан пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү төлөм каражаттарын жыйноону аягына чыгуу жайыт комитетинин башчысы Абабакировго, СПАнын башчысы Кыргызаливге жүктөлсүн.
11. Пайдаланган электр энергиясынын карыздарын кыскартуу,бөлүнгөн лимиттерден ашыкча иштетпөөнү колго алуу,мектептерге тех условияларды алып берүү,бардык социалдык обьектилерге мамлекеттик акт алып берүү айыл өкмөтунүн башчысы Казначиевге жуктөлсүн.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин айыл-чарбасы,экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тьапшырылсын.
Төрага | Сулайманов. Ш. Ж |
Бел айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча 2017-жылдын 9 айында айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиев Калмамат Абдуулаевичтин айылдык Кенештин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги жетинчи сессиясында жасаган
МААЛЫМАТЫ.
Урматтуу депутаттар! Айыл аймагында 2233 кожолукта 12096 калк жашайт. 3 орто,2 толук эмес орто,1 башталгыч класстардын мектеби,4 балдар бакчасы,2 үй-бүлөлук дарыгерлер топтору,1 байланыш бөлүмү жайланышкан. Айыл Өкмөтү өз ишин 2017-жылга түзүлгөн айыл Өкмөтүнун социалдык-экномикалык пландарында көрсөтүлгөн иш-чараларды жетекчиликке алып жүргузүп 2017-жылдын 9 айында төмөнкүдөй иштерди аткарууга жетишти.
АЙЫЛ ЧАРБАС Ы боюнча:
2017-жылдын түшүмү үчүн 795 га жерге буудай айдалып,орточто түшүмдүүлүгу 17 ц /га кайрак болсо,суулуу жер аянтынан түшумдүүлүк гектарына 25 ц/га ,150 га жерге арпа айдалып орточо түшүмдүүлүк 15,8 ц/га, 235 га жер аянтына жүгөрү айдалып орточо түшүмдүүлүк 68,2 ц/га,165 га жер аянтына картошка айдалып,жалпы түшүмдүүлук 165,2 ц/га,50 га жер аянтына май өсүмдүгүэгилип,орточо түшумдүулук 10.1 ц/га 97 га жер аянтына айдлалган жашылчанын орточо түшүмдүүлүгү 195,2 ц/га,5 га жер аянтына тамеки көчөттөрү отургузулуп,орточо түшүмдүүлүгү 26,5 ц/ганы түздү. 650 га жер аянтынан орточо түшүмдүүлүгү 27,0 ц/га тоют жыйналып алынды.
2018-жылдын түшүмү үчүн учурда 160 га кайрак ,10 га суулуу жер аянттарына буудай айдап себүү пландаштырылган.
Жайыт пайдалануучулар тарабынан салык төлөөнун тогуз айлык планы ашыгы менен аткарылганына карабастан аткарып жаткан иштеринде кемчилдиктердин орун алгандыгы байкалат.Жайыттан алынуучу салыктарды топтоо иштеринде кыйынчылыктар бар.Жайыт пайдалангандар салыктарын төлөбөй жатышат.Проект жазуу жолу менен 296,0 мин сомго эки булак ондолуп,тазаланып,үстү жабылып жарандар, жана мал –жандыктар суу ичүүгө ынгайлаштырылды. 2017-жылдын эсебинен трактор алуу үчүн акчасы которулуп,келишим тузүлгөн. Трактор декабрь айында келет деген үмүтүбүз бар. Ошондой эле Чили-Сайдагы “Чунак” көпүрөсу ремонттон өткөрүлду. Дыйкандарды сугат суусу менен камсыз кылуу багытында “Мүрөк” суу пайдалануучулар тарабынан иштер жургүзүлдү. Булар да суу салыктарын толтурууда толук кандуу иштей алышкан жок. Айыл аймагында күнөсканаларды куруу,тамчылатып сугаруу боюнча тапшырмалар берилгени менен аткарылбай жатат. Бул боюнча жер адистери , айыл башчылар кызыгып иш жургузүшкөн жок. Ошондой эле которушутуруп айдоого да маани берилбей жатат. Ижара акыларды топтоо иштеринде да кыйынчылыктар пайда болду.Ижарачыларга түшундүрүү иштери жүргузулгөндүгүнө карабастан ижара акыларды өз убагында төлөбөй жатышат. Ижара акыларын өз убагында төлөбөгөн ижарачылардын жер аянттары айыл өкмөтү тарабынан тартылып алынган жок,бирок бул ишти бир тартипке келтирүү зарыл