Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 28 – ноябрындагы № 45/11 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 16-июнундагы № 49/5

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Төлөм системалары башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын структуралык классификациясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү кайрылуусу боюнча маалыматын карап көрүп, улуттук валютадагы нак эмес каражаттар агымына анализдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көрсөткүчтөрдү системага салууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.

2. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

3. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебинде, Пакеттик клиринг системасында жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдүн коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

4. Төлөм системалары башкармалыгы, Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун андан ары белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүлүшү үчүн аны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтсүн.

5. Токтом, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн 2 жумадан кийин күчүнө кирет.

6. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук

Банк башкармасынын төрагасынын

милдетин аткаруучусу

 

 

З.Чокоев

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын

2010-жылдын 16-июнундагы

№ 49/5 токтомуна карата

тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү" деп аталган 12110000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:

Төлөм коду

Төлөм багытынын аталышы

12110000

Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү

12110100

Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү

12110101

Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна негизги карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү

12110102  

Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү

12110103

Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна мурдатан калган карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү

 

2. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү" деп аталган 12120000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:

12120000

Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү

12120100

Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү

12120101

Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын негизги карыз боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары)

12120102

Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү

(Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары)

12120103

Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын мурдатан калган карыздары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары)

 

3. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Башка төлөмдөр/чегерүүлөр" деп аталган 12230000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:

12230000

Башка төлөмдөр/чегерүүлөр

12230100

Башка төлөмдөр/чегерүүлөр

12230101

Негизги карыз боюнча айыптык санкциялар

12230102

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар боюнча айыптык санкциялар

12230103

Мурдатан калган карыздар боюнча айыптык санкциялар

 

4. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Социалдык фонддун башка төлөмдөрү" деп аталган 1230000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда:

12300000

Социалдык фонддун башка кирешелери

12310000

Социалдык фонддун башка кирешелери

12310100

Социалдык фонддун башка кирешелери

12310101

Капиталдаштырылуучу суммалар боюнча төлөөлөр

12310102

Регресстик доолор боюнча төлөөлөр

12310103

Мөөнөтүн кийинкиге жылдыргандык үчүн пайыздар

 

5. "Мамлекеттик бюджеттен чыгашалар жана төлөмдөр" деп аталган 2-бөлүктүн "Социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр" деп аталган 27000000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:

27000000

Социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр

27100000

Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар

27110000

Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар

27111000

Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар

27111100

Калкты социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялар

27111101

Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусу боюнча пенсиялар жана төлөөлөр