Загрузка документа…
үм | Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын "17"-октябрындагы № 45\1 токтомуна карата 2-тиркеме |
(КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-12/51-13-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС), 2018-жылдын 30-майындагы №2018-П-12/20-2-(НФКУ), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыз жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобого (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык иштелип чыккан жана анда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин (мындан ары - МКК жана МКА) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.
3. Ушул жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында колдонулган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.
2. Максаттары жана милдеттери
4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт:
а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында МКК жана МКАлардын финансылык абалына;
б) компаниялардын жетекчилери ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдерди кошо алганда, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн МКК жана МКАлардын ишине.
5. ПРОнун башкы милдети - ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МКК жана МКАлардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.
3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы
6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон МКК жана МКАнын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.
7. ПРО 6 бөлүктөн турат. ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.
8. МКК жана МКАнын ушул жылдын 4-чейреги үчүн ПРОсу жылдык болуп саналат. Жылдык ПРО отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин Улуттук банктын кароосуна сунушталууга тийиш.
9. Ар бир МКК жана МКАда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.
10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.
11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МКК жана МКАлар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш.
12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. МКК жана МКАнын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.
13. Республиканын башка областтарында жайгашкан МКК жана МКАлар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.
Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат.
14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу МКК жана МКАга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.
Оңдолгон отчеттор МКК жана МКАнын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш.
15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери жок болсо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык кайрадан оңдолуп, анын оңдолгондугу жөнүндө Улуттук банк кат жүзүндө билдиргенден кийин гана ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.
16. МКК жана МКА ПРОну МКК жана МКАнын башкы кеңсеси жана филиалдар боюнча консолидацияланган негизде беришет.
17. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, МКК жана МКАнын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш.
18. ПРОдо отчеттук күнгө карата МКК жана МКАнын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. МКК жана МКАнын абалынын чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы МКК жана МКАнын аткаруу органынын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат.
19. ПРОдо маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же такталбаган, туура эмес маалыматтардын берилиши, отчеттун толук эмес жана/же туура эмес толтурулушу үчүн МКК жана МКА Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.
20. Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасы МКК жана МКАда сакталууга тийиш.
| Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме
|
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан МКК жана МКАлардын ПРОсунун курамы
№ | Бөлүгү | Аталышы | Мезгил аралыгы | Берүү мөөнөттөрү | Эскертүү же ченемдик укуктук актыга шилтеме |
1 |
| Титулдук барак | Чейрек сайын
| Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин | Бөлүктөргө тиркелет |
2 |
| Директорлор кеңешинин, Башкармасынын жана Шариат Кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат | Жылдык
Өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде | Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 10 календарлык күн ичинде | |
3 |
| Айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат | Жылдык отчет
Өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде | Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 10 календарлык күн ичинде | |
4 |
| Базалык маалымат | Жылдык
Өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде | Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 10 календарлык күн ичинде | |
5 | Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет А.Активдер Б.Милдеттенмелер жана капитал В. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер | Чейрек сайын
Жылдык | Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
6 | Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет | Чейрек сайын
Жылдык | Отчеттук чейректен кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
7 | Активдер тууралуу маалымат А. Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо Б. Каржылоо ыкмалары В. Тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү Г. Сунушталган каржылоо боюнча маалымат Д. Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат Е. Үстү-үстүнөн каржылоо тууралуу маалымат Ж. Тармактар жана региондор боюнча берилген каржылоонун көлөмү жөнүндө маалымат З. Реструктуризация-ланган активдер И. Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө карата активдердин жана милдеттенмелердин ийкемдүүлүгүн талдап-иликтөө (ГЭП-анализ) К. Активдердин/мил-деттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрү | Чейрек сайын
Жылдык | Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
8 | Өз ишине баа берүү боюнча отчет | Жылдык | Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
9 | Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет | Чейрек сайын | Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин |
| |
10 | Ачып көрсөтүү А.Милдеттенмелер Б.Каржылоо шарттары боюнча маалымат В. МКК жана МКАнын кардарлары жөнүндө Г. МКК жана МКАнын персоналы тууралуу Д. Банктардын агенттик келишими боюнча чекене банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтар Е. Жайгаштыруу операциялары жана инвестициялар боюнча чечмелөө З. Уюштуруучулардан/ акционерлерден/каты-шуучулардан алынган насыя | Чейрек сайын
Жылдык | Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
|