Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 18-июнундагы № 361 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 28-январындагы № 51

токтому менен бекитилген

 

Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча

Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө

Ж0Б0

 

1.  Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча ведомстволор  аралык комиссия

(мындан ары - комиссия) Кыргыз Республикасынын Эл аралык гуманитардык укук (мындан ары

- ЗАГУ) жагындагы эл аралык укуктук милдеттенмелерин аткарууга байланышкан маселелерди

кароо максатында түзүлдү.

2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын  жана ушул Жобону жетек-

чиликке алат.

3. Комиссиянын негизги милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасы мүчө болгон  ЭАГУ жагын-

дагы конвенциялар менен келишимдердин жоболоруна ылайык келтирүүгө жараандашуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ЭАГУНУН нормаларына  ылайык келүүсүн илик-

төө жана баалоо;

Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы эл  аралык келишимдеринин, мыйзам актылары-

нын долбоору боюнча консультативдик корутундуларды кароо жана даярдоо;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында ЭАГУнун

нормаларын аткарууга багытталган иш-аракетин координациялоо;

- ЭАГУ жөнүндө билимдерди жайылтууга жана ЭАГУну өнүктүрүү жөнүндө  маалымат жый-

ноого көмөктөшүү;

- комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө;

- эл аралык кызыл крест Комитети (мындан ары - ЭАККК), ЭАГУ жагында  иш жүргүзгөн

башка эл аралык уюмдар менен өз ара байланышты, маалымат алмашууну уюштуруу.

4. Комисииянын укуктары:

- Кыргыз Республикасынын  ЭАГУ  жагындагы  эл  аралык  укуктарын  ишке  ашыруунун

негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө сунуштарды аныкталган  тар-

типте киргизүү;

- мамлекеттик  башкаруу  органдарына алардын компетенцияларына ЭАГУнун нормаларын

колдонуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоону тапшыруу;

- өзүнүн заседаниелеринде министрликтердин  жана  мамлекеттик  башкаруунун  башка

республикалык органдарынын кызмат  адамдарын ЭАГУ  нормаларын  Кыргыз  Республикасынын

мыйзамларында ишке ашыруу маселеси боюнча угуу;

- Комиссиянын ишине башка кызыкдар органдардын кызматкерлерин аныкталган тартипте

тартуу;

- Кыргыз Республикасынын ЭАГУ  жагындагы  мыйзамдарынын  жана  башка  нормативдик

укуктук актыларынын  долбоорлорун  экспертизалоо  жана даярдоо  үчүн жумушчу топторду,

эксперттик комиссияларды түзүү;

- мамлекеттик башкаруу органдарынан комиссиянын компетенциясына  кирген маселелер

боинча материалдарды алуу;

- Комиссиянын алдындагы максаттарга жетишүүгө зарыл башка иштерди жүргүзүү.

5. Комиссиянын ишине жетекчиликти төрага жүргүзөт.

Комиссиянын төрагасы:

- Комиссиянын заседаниелерин башкарат;

- Комиссиянын заседаниесинин күн тартибин белгилейт;

- башка мамлекеттердин  ЭАГУ  жагында  иш  жүргүзгөн  тийиштүү органдары  жана эл

аралык уюмдар менен болгон мамилелерде комиссиянын атынан чыгат;

- комиссиянын ишин жетектөө боюнча башка милдеттерди аткарат.

6. Комиссия өз ишин өзү бекиткен регламентке жана  жыллык  пландарга  жараша жүр-

гүзөт. Комиссиянын заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан  кем

эмес бүткөрүлөт.

7. Комиссия чечимди заседаниеге комиссия мүчвлөрүнүн үчтөн зкисинен кем эмеси ка-

тышканда кабыл алууга укуктуу.

Комиссиянын чечими катышып жаткан комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын  жөнөкөй көп-

чүлүгү менен кабыл алынат.

Комиссиянын чечимдери тийиштүү органдарга комиссиянын заседаниесинин протоколунун

көчүрмөсү түрүндө жиберилет.

8. Комиссияиын  ишине  кызыкдар  органдардын,  ЭАКККнмм жанз ЭАГУ жагында иш жүр-

гүзгөн башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кеңешүү добушу менен катыша алышат.

9. комиссиянын ишине зарыл болгон уюштуруу-методикалык жана техникалык камсыздоо-

ну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүргүзөт.