Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 588 токтомуна ылайык                                  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Окмот уйу

2001-жылдын 28-августу N 496

 

                            КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКМОТУ

ТОКТОМ

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн)учурда бир жолку пособиени жана компесацияларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат

милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн) учурда бир жолку

пособиени жана компенсацияларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын бир жолку пособиелерди жана компенсацияларды толук төлөп берүү боюнча чыгымдарды каржылоону камсыз кылсын.

3. Бул токтом 2002-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

    Премьер-министр                                    К.Бакиев