Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2001-жылдын 30-августу № 499
"Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмвтүнүн 2001-жылдын
31-майындагы № 260 токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 18-январындагы Мыйзамын, "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 12-июнундагы Мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир айлык мөөнөттө "Аңчылык кармоо өнөр жайындагы жапайы жырткычтар жана канаттуулардын Тизмеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдашылган токтом долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо, кумар оюндарын уюштуруу жагынан ишкердикти лицензиялоо боюнча лицензиар катары аныкталсын.
Лицензияларды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-июнундагы № 291 токтому менен жактырылган жана "Оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 29-июнундагы З № 424-II токтому менен бекитилген Оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөт.";
- 7-11-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 8-12-пункттар деп эсептелсин.