Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2001-жылдын 1-февралы № 15
Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө
(КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98, 2017-жылдын 28-июлундагы № 152, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67, 2025-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор |
|
II бөлүм. Ишкердикти мамлекеттик колдоо |
|
Ушул Мыйзам жарандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүн жана мүлктөрүн ишкердик жүргүзүү үчүн эркин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын коргоого багытталган, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин иштеги демилгелерин мамлекеттик колдоого алуунун жана жөнгө салуунун формалары менен усулдарын белгилейт.
Ушул Мыйзамдын аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жана иштөөчү ишкердиктин субъекттеринин мамилелерине карата уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан жайылтылат.
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-берене. Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасында ишкерлердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдар төмөнкүлөрдү караштырат:
- ишкердиктин субъекттери катышуучу мамилелердин формаларынын көп түрдүүлүгүн ченемдик жактан бекемдөө;
- ишкердиктин субъекттеринин айрым категорияларына дифференцияланган мамлекеттик колдоонун ишке ашырылышын камсыздоо.
- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзамдуу бекитүү.
(Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249, 2025-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдалануучу негизги түшүнүктөр
Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) деген жеке жана юридикалык жактардын өз атынан өзүнүн менчик же карызга алган каражаттарынын эсебинен, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз алдынча экономикалык ишкердиги болуп эсептелет.
Ишкердиктин субъекттери болуп мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда же жеке киреше табуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар эсептелет.
(Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ишкердик субъекттери төмөнкүлөр болгон ишкердик жүргүзүү аялдар ишкердиги болуп саналат:
- ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;
- акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 51 пайыздан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык болгон жана кызматкерлеринин штаттык санынын 51 пайыздан кем эмесин аялдар түзгөн, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак.
(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери
Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ишкердиктик субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы;
- Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде аларды токтотууга жол бербөө;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген төлөмдөрдү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө;
- ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка актыларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген документтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө;
- ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.
(КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249 Мыйзамынын редакциясына ылайык)