Загрузка документа…
АК-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 8
“Ак-Булун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районунун Ак-Булун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтуу жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Ак-Булун айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Булун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (Тиркеме №1).
2. Ак-Булун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Булун айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Булун айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Алымжан уулу Н |
Ак-Суу районунун Ак-Булун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 20-январь 2018-жылдын
№8 токтомунун №1 тиркемеси
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун
Ак-Булун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын
1. Жалпы жоболор
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
4. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
6. Корутунду жоболор
I. Кириш бөлүгү
1. Жалпы жоболор
Ак-Булун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы – Ак-Булун айыл аймагына кирген Ак-Булун, Ак-Булак жана Токтогул калктуу конушунун айылдык жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жааматтын катышуусунда талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилген, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Ак-Булун айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер