Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 6
“Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин иче турган сууга жана ыплас сууларга болгон төлөм акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө”
Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин 16. 11. 2017 ж. №301/377 шаар калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн, иче турган сууга жана ыплас сууларга болгон кызмат акысын жогорулатуу тарифи тууралуу кайрылуусунун негизинде бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык мекеменин сунуштаган тарифин, кызмат көрсөтүүдөгү эсеп-кысабын , экономикалык абалын карап, талкуулап, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин облусттук бөлүмүнүн макулдашуусуна ылайык Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин иче турган сууга жана ыплас сууларга коюлган жана башка керектөөчүлөргө кызмат акысы боюнча прейскуранттык баа тарифи №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясынын 3.08.2017 ж. № 9 токтому жоко чыгарылсы.
3. Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин иче турган сууга коюлган кызмат акысы боюнча тарифи Ысык-Көл облусттук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5. Токтом жергиликтүү “Балыкчы” гезитине жана интернет сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин башкы адиси К.З.Орузбаевага жана шаардык Кеңештин алдындагы бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сартбаев К.Р. |
Жиберилди: иш кагаздарына – 2; мэрияга – 1; финансы бөлүмү – 1; “Суу түтүкчөлөр” мекемеси – 1; Адилет башкармалыгына;-1 “Балыкчы” газетасына – 1; туруктуу комиссияга – 1;
Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII
чакырылышынын XII сессиясынын
№ 10 токтомуна № 1 тиркеме
Балыкчы шаарындагы “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык мекемесинин иче турган сууга жана ыплас сууларга кызмат акылары боюнча бекитилген прейскуранттык баа
Т А Р И Ф И :
№ к\н | Аталыштары | Өлч. бирдиги | Шаар жашоочуларга коюлган тарифи (сом) менен | Башка керектөөчүлөргө жана бюджеттик мекемелерге бекитилген тариф (сом) менен |
1. | Суу түтүкчөдөн чыккан сууга
| 1м3 | 9,60 | 14,04 ( 21,97 – 2016ж) |
2. | Ыплас агынды суу (канализация) | 1 м3 | 4,53 | 10, 89 ( 16,40 -2016 ж.) |
Кеңештин жооптуу катчысы | Ө.А. Рахманов |