Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 133 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
2018-жылдын 6-февралы № 54
Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы №46 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” ылайык жана Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууну колдоо жөнүндө” токтомун көнүлгө алып, ошону менен бирге Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк, канализациялык тармактарды жана курулмаларды өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
2) Салыктарды эсепке албаганда, бюджеттик мекемелер үчүн азайтылган коэффициент менен Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын тармактарына техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы №46 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы аймагында төмөнкүлөрдүн таасири жайылтылбоосу белгиленсин:
1) Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 68 "Бишкек шаарынын аймагында суу түтүк жана канализация тармактарына жаңы курулган, реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган объекттерди кошууга жана техникалык шарттарды берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомунун;
2) суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга техникалык шартты берүү жана курулуш объекттерин кошуу бөлүгүндөгү Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 8-декабрындагы № 142 “Бишкек шаарында суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу Эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаарында суу түтүк жана канализацияны пайдалануу эрежесинин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
1) жер тилкелеринин ээлерине жана пайдалануучуларына инженердик тармактардын курулушунун башталышы жөнүндө кабарлоо боюнча керектүү чараларды көрсүн;