Загрузка документа…
БАШ- КАЙЫҢДЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 7- февралы № 2/1
Баш- Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча жумушчу топтун төрагасы Баш-Кайыңды айыл айыгынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковдун маалыматын жана Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин этика, укук коргоо, мыйзамдуулук жана кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тармактык комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тармактык комиссиянын төрагасынын орун басары А. Искенованын маалыматтарын угуп, талкуулап, Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жана Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин этика, укук коргоо, мыйзамдуулук жана кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тармактык комиссиянын төрагасынын орун басары А.Искеновага жүктөлсүн.
Төрага | А.Бокоев |
| Баш – Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын ХVIII чакырылшынын кезексиз II сессиясынын 7- февраль 2018-жыл №2/1 токтому менен |
Жалпы жоболор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
Корутунду жоболор
1.1. Баш-Кайындыайыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы -жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу,жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондоа жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүнбири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Баш-Кайындыайыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.