Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2018-жылдын 12-февралы № 01-5/ 75
2018-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин окуган долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгү 65 808 500 (алтымыш беш миллион сегиз жүз сегиз миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2018-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетин чыгаша бөлүгү 65 808 500 (алтымыш беш миллион сегиз жүз сегиз миң беш жүз)сом өлчөмүндө бекитилсин жана төмөндөгүдөй белгиленсин.
7 017 800 (жети миллион он жети миң сегиз жүз) сом мэриянын аппаратынын бардык чыгымы, анын ичинен: 2 851 300 (эки миллион сегиз жүз элүү бир миң үч жүз) сом, 419 300 (төрт жүз он тогуз миң үч жүзр) сом социалдык фондко чегерүүсү, 560 000(беш жүз алтымыш миң) сом сапар чыгымына, 11 000(он бир миң) сом суу чыгымы үчүн, 30 600 (отуз миң алты жүз) сом жаратылыш газына, 30 000(отуз миң) сом электр энергиясы үчүн, 157 600(бир жүз элүү жети миң алты жүз) сом байланыш түйүнү үчүн, 300 000 (үч жүз миң) сом буюмдар үчүн, 200 000 (эки жүз миң) сом чарбалык буюмдар үчүн, 1 500 000(бир миллион беш жүз миң) сом улуттук масштабдагы иш чараларга жана даталуу күндөргө, 300 000(үч жүз миң) сом жаштардын жылдык иш чарасына, 658 000(алты жүз элүү сегиз миң) сом резервдик фонд;
1 191 000 (бир миллион бир жүз токсон бир миң) сом шаардык Кеңештин аппаратына, анын ичинен: 836 000 (сегиз жүз отуз алты миң) сом эмгек маянасы, 123 600(бир жүз жыйырма үч миң алты жүз) сом социалдык фондко чегерүү, 95 000(токсон беш миң) сом сапар чыгымы, 21600 (жыйырма алты миң) сом байланыш кызматы үчүн, 55200(элүү беш миң эки жүз) сом транспорт чыгымы, 50 000(элүү миң) сом түрдүү чыгым. 9600 (тогуз миӊ алты жүз) сом чарбалык чыгымдарга
6 581 400(алты миллион беш жүз сексен бир миң төрт жүз) сом мектептердин корголуучу чыгымдары, 2 254 000(эки миллион эки жүз элүү төрт миң) сом капиталдык курулушу үчүн, анын ичинен: 200000(эки жүз миң) таза сууга, 230 000(эки жүз отуз миң) сом электр энергиясынын кызматы үчүн, 5 000 000(беш миллион) сом жылуулук кызматына, 40500(кырк миң беш жүз) сом байланыш кызматына, 465 000(төрт жүз алтымыш беш миң) сом учурдагы оңдоо иштерине, 150 000(бир жүз элүү миң) сом түрдүү чыгым, 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом негизги каражат, 45 900(кырк беш миң тогуз жүз) сом санитардык чыгым үчүн.
512 600(беш жүз он эки миң алты жүз) сом китепкананын корголуучу чыгымдары үчүн, анын ичинен: 263 700 эмгек маяна үчүн, 45 500(кырк беш миң беш жүз) сом социалдык фондго чегерүү, 15000(он беш миң)сом сапар чыгымы, 7500 (жети миң беш жүз) сом электр энергиясынын кызматы үчүн, 150 000(бир жүз элүү миң)сом имараттын түрдүү чыгымдар үчүн, 14 400(он төрт миң төрт миң) сом санитардык чыгым үчүн, 16 500(он алты миң беш жүз) сом байланыш кызматы үчүн.
2 123 800 (эки миллион бир жүз жыйырма үч миң сегиз жүз) сом балдар бакчасынын корголуучу чыгымы жана 14 450 000(он төрт миллион төрт жүз элүү миң) сом капиталдык курулуш иштери үчүн, анын ичинен: 75000(жетимиш беш миң) таза суу үчүн, 86000 электр энергиясынын кызматы үчүн, 10 800(он миң сегиз жүз)сом санитардык чыгымы, 35 000 (отуз беш миң) жаратылыш газы төлөм, 912 000(тогуз жүз он эки миң) тамак-аш үчүн чыгымы, 250 000(эки жүз элүү миң) жылуулук үчүн төлөмү,
1 787 000(бир миллион жети жүз сексен жети миң) сом балдар спорт мектебинин жана балдар чыгармачылык үйүнүн 553 600(беш жүз элүү үч миң алты жүз) сом корголуучу чыгымдары, анын ичинен:
1000000(бир миллион) сом балдар спорт мектебинин Кыргыз Республикасынын аймагында спорттук мелдештерге катышууга сапар чыгымы, 10000(он миң) сом байланыш кызматына, 400 000(төрт жүз миң) сом түрдүү чыгым үчүн, 377 000(үч жүз жети жүз жетимиш жети миң) сом буюмдар үчүн. балдар чыгармачылык үйүнүн сапар чыгымы 35000(отуз беш миң)сом, 4000(төрт миң) сом электр энергиясынын кызматы үчүн, 18000(он сегиз миң) байланыш кызматы үчүн, 140 800(бир жүз кырк миң сегиз жүз) жылуулук кызматы үчүн, 200000(эки жүз миң) сом учурдагы оңдоо иштерине, 40000(кырк миң) сом турдүү чыгым, 10800(он миң сегиз жүз) сом санитардык чыгым, 100 000(бир жүз миң) сом буюмдар чыгымы
1 000 000 (бир миллион) сом ата-энелер төлөөчү төлөм.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын жыл башында калган калдыгынын эсебинен 2017-жылдын 01-январына карата 30 000 (отуз миң) сом кассалык накталай акча каражаты белгиленсин.
4. 2018-жылга шаардык жергиликтүү бюджеттин чыгашалары Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык корголуучу чыгаша чыгымдарын жана коммуналдык чыгымдарын эске алуу менен пландаштырылсын.
5. Кочкор-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2018-жылга түзүлгөн иш-план № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кочкор-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында курулуш иштерине жана сатып алууга 14 852 600 (он төрт миллион сегиз жүз элүү эки миң алты жүз) сом жана кызмат көрсөтүү чыгымдарына 4 484 700(төрт миллион төрт жүз сексен төрт миң жети жүз) сом жергиликтүү бюджеттен бекитилсин жана курулуш иштердин зарылчылыгына жараша акча каражатын ич ара жылдырып иштетүүнү мэрге милдеттендирилсин.
7. «Кочкор-Ата шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык аз камсыз болгон, жакыр, жетим-жесирлерге, Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучуларына жана жесирлерине, оорулуу жарандарга жана майыптарга берүүгө мэриянын социалдык бөлүмүнө 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бекитилсин.
8. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын чыгымдарын жабуу үчүн 7 200 000(жети миллион эки жүз миң) сом бекитилсин.
9. Шаардын көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу кызматына электр энергиясына төлөмдөрү үчүн 300 000(үч жүз миң) сом бекитилип берилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |
| БЕКИТЕМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы ___________ Я.Т.Абдурахманов. 2018-жылдын 12-февралындагы кезектеги IX сессиясынын № 01-5/75 токтомуна тиркеме |