Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 24/152
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча жергиликтүү салык пландарынын аткарылышы жөнүндө
Жергиликтүү салык пландарынын 2016-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча баардык салыктардын түрлөрү боюнча план 893,1 миң сом, аткарылганы 734,3 миң сомго же 82,2% аткарылгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А. Майлыбашованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү салык пландарынын 2016-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А.Майлыбашова тарабынан жетиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы белгиленсин. (тиркеме тиркелет)
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда план тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго милдеттендирилсин.
3. Салык чогултууда киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиске көмөк көрсөтүү чогултула турган каражатты муниципалдык кызматчылар менен биргелешип иш жүргүзүү менен салык төлөөчүлөр менен такай байланышта болуп системалуу иш жүргүзүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымалиевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын 25.10.2016 № 24/152 токтомуна тиркеме |
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктардын
9 айга аткарылышы боюнча
№ | Салыктын түрлөрү | План | Аткарылышы | % |
1 | Киреше салыгы | 436,4 | 268,5 | 61,5 |
2 | Ыктыярдуу патенттен түшүүчү салык | 15,6 | 32,7 | 209,6 |
3 | Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык | 7,8 | 7,3 | 93,6 |
4 | Транспорт салыгы | 68,0 | 133,5 | 196,3 |
5 | Жер салыгы физикалык тарап | 12,5 | 12,6 | 100,8 |
6 | Жер салыгы юридикалык тарап | 19,3 | 19,5 | 101,0 |
7 | Айыл чарба багытындагы эмес ж/с | 16,5 | 32,3 | 195,8 |
8 | Сатуудан түшкөн салык | 206,1 | 136,7 | 66,3 |
9 | Тазалык жыйым | 5,0 | 5,0 | 100,0 |
10 | ФПЗ аренда акысы | 9,0 | 13,7 | 152,2 |
11 | Рояльти | 96,9 | 60,1 | 62,0 |
12 | Лицензия алуу үчүн төлөм | 0,0 | 12,4 | |
Баары | 893,1 | 734,3 | 82,2 |
Жетектөөчү адис | А.Майлыбашева |