Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 12 кезектеги - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 22-декабры № 4
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγ тарабынан сунушталган Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2018-2020- жылдарга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγсγнγн стратегиялык планынын долбоорун карап чыгып жана талкуулап
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ” мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясинын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокатайыл аймагынын 2018-2020- жылдарга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγсγнγн стратегиялык планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Жаңы-Ноокатайыл аймагынын 2018-2020- жылдарга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγсγнγн стратегиялык планында кѳрсѳтγлгѳн жумуштарды ѳз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |
КыргызРеспубликасыОш облусу
Ноокат району
2018-2020-ЖЫЛДАРГА
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
СТРАТЕГИЯЛЫК ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫ
Жаңы-Ноокат айыл аймагы 2017-жыл
Кыргызстанда акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу, салык салуу, коомдук коопсуздук тармагында, калктын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган бир катар реформалар журуп жатат. Алардын жыйынтыгы катары бир топ жетишкендиктер болду, бирок буга карабастан , бугунку куну олуттуу проблемалар айыл аймактарында дале чечилбей келүүдө, мисалы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты: мектепке чейинки жана мектептеги билим алуу мүмкүнчүлүгү, медициналык кызматтардын шарттары жана чектелгендиги; коомчулук үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындыктын жоктугу; экономикалык өнүгүүнүн туруксуздугу жана алсыздыгы; калктын жашоо-турмуш деңгээли төмөндүгү; жакырчылык денгээлинин айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жогору болуусу; инфраструктуранын жана жашоо шарттарынын начардыгы.
Айыл аймактарында жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн максатуу багытталган, конкреттүү жана реалдуу иш аракеттерди камтыган стратегиялык программа иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу зарыл.
Айыл аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык, адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка бардык резервдерди жана ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүнүн модели өз алдынча өнүктүрүүдөгү системалуулукка, комплекстүүлүккө жана теңдештикке карай умтулууну максаттайт. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү адам баалуулуктарын жана жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануунун призмасы аркылуу экономикалык өсүштү кароону сунуштайт.
Бул максатка жетүү үчүн, жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын аймактын экономикасына активдүү тартуу талап кылынат. Калктын ишмердүүлүгүнөнүктүрүүгө ар тараптуу шарттар түзүлөт, колдоолор жүргүзүлөт.
Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан каржыланыпжана БУУОП тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү»программасынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын социалдык экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жашоо денгээлин жогорулатуу максатында Стратегиялык Туруктуу Өнүгүү Планы иштелип чыгылды. Бул Стратегиялык Туруктуу Өнүгүү Планы, эксперттер тобу айыл аймагынын Жергиликтүү Өнүгүү комитетеринин мүчөлөрү менен биргеликте, Туруктуу өнүгүүнун максаттарына таянып, 2018-2022 жылдардын мезгилине КР региондук саясатынын концепциясы жана “Өкмөттүн 2018-2022-жылдардагы программасын” жетекчиликке алуу менен, айыл аймагынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жергиликтүү калктын жана адистердин пикирлерин эске алып, терең талдоо аркылуу иштелип чыгылды.
Бул айыл аймактын Стратегиялык Туруктуу Өнүгүү Планы орто мөөнөттүү жана 2017-2020-жылдарды гана камтыйт. Алыскы мөөнөттөгү Стратегиялык максат катары “Калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу, экономикалык жана социалдык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу” болуп белгиленген.
Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын туруктуу
өнүгүүсү үчүн жергиликтүү потенциалы
1.1. Географиялык жайгашуусу: