Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2017-жылдын 29-декабры № 10/6
Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш боюнча комиссиянын иштеп чыккан “Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосу алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Туруктуу комиссияга кабыл алынган Жобого ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |
Депутаттардын Чет-Нура айыл
аймактык Кеңешинин
ХХVII чакырылышынын
X сессиясынын 2017-жылдын
29-декабрындагы №10/6 токтому
менен бекитилген
«Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» жөнүндө»
«Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» деген наамга көрсөтүүнүн тартиби:
«Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» деген наам айылдык Кеңештин жана айыл өкмөтүнүн ишкана, мекемелеринин эмгек жамааттарынын, жергиликтүү жамааттардын, коомдук уюмдарынын сунуштарына ылайык депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңеши тарабынан районго, республикага, өзү жашаган аймакка көрүнүктүү эмгек сиңирген адамдарга берилет.
«Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» наамы төмөндөгүдөй адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:
- Чет-Нура айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме, ишканаларда, уюмдарда, жетекчи жана жооптуу кызматтарда 10 жылдан ашык үзгүлтүксүз үзүрлүү иштеп, айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө эмгек сиңирип, кийинки учурларда да айылдын коомдук жумуштарына активдүү катышкан, калк кадырлоосуна ээ болгон адамдарга;
- Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл чарбасынын, маданият, билим берүү, айыл чарбасы сыяктуу тармактарда иштеп жүрүп, Кыргыз Республикасынын ишмери наамына татыктуу болгон Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жашоочуларына;
- Жергиликтүү Кеңештин депутаты болуп бир нече жолу шайлангандарга;
- Айылдарга өзгөчө эмгек кылып, керектүү курулуштарды куруп, жаңы жумушчу орундарын түзгөн, инвестиция, гранттарды тартууда олуттуу пайда келтирген, эл керектөөчү продукцияларды чыгарган ишкер жана фермер адамдарга;
3. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагынан сырткары башка район, облустарда иштеп жүрүп же айыл өкмөткө салымын кошпогон катары табылган атуулдар бул наамга көрсөтүлүүгө ылайыксыз деп эсептелет.