Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI шайланган кезектеги VIII отурумунун
2017-жыл 10-октябры. № 8/4
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын “ Согонду” жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.”Жайыт мыйзамынын” 11 беренесинин 3 бөлүмүнө ылайык жайыт акынын үчтөн бир бөлүгү жер салыгын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине калтырылсын.
3.Жайыттан түшкөт акы үчтөн эки бөлүгү жайыт комитетинин эсеп-кысап счетуна которулсун, “Жайыт мыйзамына” ылайык пайдаланууга жумшалсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзщөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |
Ош облусунун Алай районунун
Ленин Айыл аймагынын
2017-жылдагы 10.10.2017-жылдагы
Жергиликтүү кеңештин № 8/4токтому менен «БЕКИТИЛГЕН»
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Согонду айылы 10.10.2017-жыл. ж.
1. Ош облусунун Алай районунун Ленин айылдык жергиликтүү кеңештин 10.10 №8/4 токтомунун негизинде иш жүргүзгөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл аймагынын башчысы Матанов Нурлан аркылуу, мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир жагынан, жана
2. Согонду Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы Жунусмаматова Акан аркылуу, Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары – «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси», экинчи жагынан төмөнкү келишимди түздүк:
Келишимдин предмети
1.1 Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет.
Жайыт жерлердин жалпы аянты: 14303га (он төрт миң үч жүз үч) гектар
Жайыттын түрү жана аянты: Жазгы , жайкы , күзгү , кышкы -14303га анын ичинен пайдаланганы 2629 ( эки миң алты жүз тогуз ) га
Жайыт участокторунун жайгашкан орду мкрдаш: Жыланды , Аска , Үч-Чат , Күң-Элек , Жолборсту, Согонду: Четинди , Жан-Шоро, Айлама , Тоо-Ашкан
Сунушталган жайыт жерлеринин картасы (Типтүү келишимдин №1Тиркемеси)