Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-февралы №17/1
Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдарындагы «Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү» жөнүндө 13.02.2018-жылдагы № 2 жана № 3 элдик жыйындын токтомун угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставы жактырылсын жана бекитилсин.
2. Устав мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы З. Исираиловго тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Зарлыков |
Ак-Кыя айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
Ак-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Ак-Кыя айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле, жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;