Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2017- жылдын 24-ноябры №11/1
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл өкмөтү менен жайыт пайдалануучулап бирикмесинин ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген келишимге ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Кадырманбетовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А. Бокоев |
|
|
Нарын облусунун Ат-Башы районунун
Баш-Кайыңды айыл аймагынын 2017-
жылдагы 24-ноябрындагы жергиликтүү
кеңештин № 11/1 токтому менен
БЕКИТИЛГЕН
КЕЛИШИМИ
Баш-Кайыңды айылы | 24-ноябрь 2017-жыл |
|
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык Кең ешинин 2017- Жылдын 24-ноябрындагы №11/1 токтомунун негизинде иш жүргүзгөн Нарын облсунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын башчысы Байказаков Бактыбек Чоробекович аркылуу,
мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир тараптан, жана Баш-Кайыңды Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы Кадырмамбетов Курманбек Ибраимович аркылуу, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары – «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси», экинчи тараптан тө мө нкү келишимди түздүк.
1. Келишимдин предмети
1.1 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет.
Жайыт жерлеринин жалпы аянты: 55 991 га