Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры №8-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Жээнбаеванын билдирүүсүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө Жобону угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиясынын курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө Жобо бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Топчубаев
|
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ НООКАТ РАЙОНУ Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ИНН 01706200410310 Т.Кулатов көчөс Кызыл-Булак айылы
|
Email:tkulatova@mail.ru Тел: 0323060015
| КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКАТСКИЙ РАЙОН АЙЫЛ ОКМОТУ ИМ. Т.КУЛАТОВА ИНН 01706200410310 ул.Т.Кулатова село Кызыл-Булак
|
Кызыл-Булак айылы | 21-ноябрь 2017-ж. |
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл аймагындагы Кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүү системасын, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана ага болгон мүмкүнчүлүктүн деңгээлин көтөрүүнү уюштуруу максатында:
Буйрук кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча Жумушчу комиссиянын төмөнкүдөй курамын түзүүгө: