Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2017-жылдын 18-декабры №1
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2019-2020-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2018-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 13632,6 миң сом (Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 6876,9 миң сомду кошкондо) өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
- Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
- Кирешенин болжолу 2019-жылга 13765,4 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 6761,7 миң сом) 2020-жылга 13751,9 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 6475,2 миң сом) белгиленсин.
- Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжоолу жактырылсын,аларды ар бир конкретүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
- Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.Айылдык бюджеттик мекемелери казналыктын региондук бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
- Атайын каражаттар казналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин 2019-2020-жылдарга болжоолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
1. Айыл өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
1. Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келсе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2. Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;
3. Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
4. 2018-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.
5. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын каржылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун касыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
6. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 14317,8 миң сомго,чыгаша бөлүгү 13519,6 миң сомго аткарылганы бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Н. Джаңыбаев |
|
|
| Кара-Таш айыл кенешинин VI- чакырылышы кезектеги ХI- сессиясынын №1 токтомуна № 1- тиркеме
|
(мин сом)
Салык агенти тологон киреше салыгы | 2549,0 |
Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы | 0,0 |
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык | 0,0 |
Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык | 50,0 |
Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы | 276,0 |
Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы | 60,0 |
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 925,0 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 375,8 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 316,8 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 110,0 |
Сатуудан тушкон салык | 160,0 |
Роялти | 5,0 |
Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо | 100,0 |
Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 162,0 |
Жайыт ижарасы учун акы | 449,5 |
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 134,4 |
Таштанды толому | 256,1 |
Мамлекеттиктик алымдар | 0,0 |
Атайын каражаттар | 1275,6 |
Административтик штрафтар | 0,0 |
Активдер жана милдеттемелер | 0,0 |
Толуктоочу грант | 6876,9 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 14082,1 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 4316,5 |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду | 136,0 |
Коргонуу | 50,0 |
Айыл чарбасы | 1039,5 |
Коммуналдык чарба | 2941,0 |
Маданият | 1178,2 |
Билим берүү | 2995,3 |
Социалдык коргоо | 150,0 |
Атайын каражаттар | 1275,6 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 14082,1 |