Редакцияот 08.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын VII сессиясы 

 

2018-жылдын 08-февралы №7/1 

Керме-Тоо айыл айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, айылдык кеңештин иш планын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (иш план тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Жунус уулу Илязбек

 

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы №7/1 токтомуна

№1 тиркеме

Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн  түзүлгөн планы

№

Иш пландын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучулар

1

Айылдык кеңештин регламентин (иш планын бекитүү )

2018-жыл 1- квартал

Жунус уулу И.

Токуров У

2

Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2017-жыл үчүн жылдык отчет

2018-жыл, 1- квартал

Гулжигитов С.Т.

3

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы

2018-жыл, 1- квартал

Рысбаева А

Айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы

4

Жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2018-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө

2018-жыл, 1- квартал

Тагаев Ж

Айылдык кеңештин айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия

5

Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана бирка басуу иштери жөнүндө

2018-жыл, 2- квартал

Ш. Толубаев

6

Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү

2018-жыл, 2- квартал

Ш. Толубаев

Ж. Тагаев

Айылдык кеңештин айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия

7

Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу ж.б. жумуштардын аткарылышы жөнүндө

2018-жыл, 2- квартал

А. Шерматов

Айылдык кеңештин айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия

8

Бюджеттин 2018-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

2018-жыл, 3- квартал

Рысбаева А

Айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы

9

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө

2018-жыл, 3- квартал

К. Асанбаева

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

10

Керме-Тоо айыл аймагындагы ветсервичтердин ишмердүүлүгү жөнүндө

2018-жыл, 3- квартал

А. Шерматов

Айылдык кеңештин айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия

11

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун Керме-Тоо айыл аймагы боюнча 2018-жылда кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө

2018-жыл, 4- квартал

М. Хакимов

К. Асанбаева

Социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия

12

Керме-Тоо айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2018-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө

2018-жыл, 4- квартал

А. Мурзаев

Социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия