Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 98
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 20-октябрындагы Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү №626/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8- 10-беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы №30 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жыл үчүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча 2017-жыл үчүн планы № 1 тиркемеге, жайыт комитетинин бюджети №2 тиркемеге жана жайыттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишими №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2017-жылдын 26 –декабрындагы кезектеги
X сессиясынын (IVчакырылыш)
№ 98 токтомуна №1 тиркеме
Жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамаатынын 2017-жылга карата иш планы
Ош шаары, Жапалак айылы, 2017 –ж.
Кыскартуулар:
ААБ – айылдык аймактык башкармалыгы
КӨ – климаттын өзгөрүшү
ИММ – ири мүйүздүү мал
ТЧ – токой чарбасы
МММ – майда мүйүздүү мал
ЖК – жайыт комитети
ЖУП – жасалма уруктандыруу пункту
КФ-коомдук фонд