Редакцияот 27.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVI – сессиясы

2016-жылдын 27-июну № 206

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомуна ылайык Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVI – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
  2. Айыл өкмөтүнүн түзүмүндө ветеринардык врач кызмат ордуна (1штаттык бирдик), талапкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизде алынсын;
  3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн

каттоодо 300 дөн 1000 чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2штаттык бирдик) бекитилсин;

  1. Бекитилген Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Талас райондук каржы бөлүмү (Досмамбет уулу Догдурбек) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талас районунун Арал айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ибраимова Калыйпа Исмаиловнага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Ж.Медетов

 

Тиркеме № 1

 

      «БЕКИТЕМИН»

Арал айылдык кеңешинин төрагасы

_________________ А.Медетов

«___»______________2016ж.

Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана ШТАТТЫК САНЫ

Кызматтардын аталышы

Арал айыл өкмөтүнүн калкынын саны 4650 адам

 

2ден 5ке чейин

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1

 

Башчынын орун басары

-

 

Жооптуу катчы

1

 

Каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы

1

 

Жер,турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис

1

 

Киреше боюнча башкы адис

1

 

Социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адис

1

 

Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис

1

 

Маалымат омпьютердик технологиялар боюнча адис

1

 

Жыйынтыгы:

8

 

Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары

 

Адис - Аскердик –эсепке алуу боюнча инспектору

2

 

Адис -Мал чарба жана ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча адис (контрактык негизде)

1

 

Жыйынтыгы:

3

 

Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК

 

Кароолчу

1

 

Тазалоочу

1

 

Жыйынтыгы:

2

 

 

Жоопту катчы

 

К.И.Ибраимова