Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-августу № 2/1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “ Айылдык Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылыры жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик курулуш жана региондорду өнүктүрүү агентигинин 2013-жылынын 23.01 № 24 буйругуна ылайык, Красный Восток айылдык Кеңешинин
ТОКТОМУ:
1. Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айылдык Кеңешинин иш регламенти бекитилсин. (тиркемеге ылайык)
2. ”Красный Восток айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндөгү токтом” Мамлекеттик нормативдик-укуктук актыларынын үзүмүнө киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Чуй облустук бөлүмүнө жиберилсин.
Төрага | Б. Закиров |
БЕКИТИЛДИ
Красный Восток айылдык
Кеңешинин №2/1 Токтому
10 август 2017- жыл
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
Красный Восток айылдык кеңеши (мындан ары-айылдык кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык
мөөнөткө шайланган_ 11 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маслелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.