Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 01-1/1
Крупская атындагы айыл Кеңешинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарынын негизинде, мыйзамдарга, өкмөттүн токтомдоруна жана жоболоруна таянып, Крупская атындагы айылдык Кеңешинин Регламентин толук талкулоонун негизинде Крупская атындагы айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупская атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаттарынын Регламенти кабыл алынсын (регламент тиркелет)
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине мамлекеттик нормативтик актыларынын реестерине киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтом расмий жарыялангандан күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул Регламенттин так, мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын милдеттери
Төрага | А. Долоталиев |
Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотуу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш киргизүү; 6) мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, прокуратура органдары тарабынан белгиленген, өткөрүлүп берлиген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыга үчүн аким тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен макулдук берүү жөнүндө маслелени кароо; 7) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн аппаратынын финансылык-экономикалык бөлүмүнүн жетекчисин дайындоого жана бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен макулдук берүү жөнүндө маселени кароо; 8) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү; 9) айыл аймагынын айылдарынын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү; 10) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; 11) айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча иш-чаралардын жана шайлоочулар менен иштөө боюнча башка иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү; 12) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча айылдык жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү; 13) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү; 14) муниципалдык менчик обьектилеринин Реестрин киргизүү тартибин бекитүү; 15) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө; 16) жайыт жерлерин пайдалануу, аларды пайдалануунун отчеттору, ошондой эле жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү боюнча жамааттардын ар жылдык планын бекитүү; 17) жергиликтүү жамааттардын Уставынын жоболорун жана айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо; 18) айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү) менен бирдикте биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу үчүн коомдук башталышта активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуунун планын бекитүү; 19) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн методикасын, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын жергиликтүү жамааттын, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди/ долбоорлорду/ программаларды, бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу; 20) коомдук угууларды өткөрүү, анын ичинде маселени кеңири кароо жана өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшыруу; 21) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин дептуттары тарабынан коомдук башталышта коомдук жардамчыларды тартуунун тартибин бекитүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык башка маселелерди чечүү.