Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 119/16-4
Токмок ш. мэринин “Токмок шаарынын 2017-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылга социалдык – экономикалык программасы жөнүндө” баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэринин “Токмок ш. 2017-ж.социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө” баяндамасы эске алынсын (тиркеме 1).
2. 2018-жылга Токмок шаарынын социалдык-экономикалык программасы бекитилсин (тиркеме 2).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигине жана Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Тиркеме № 1
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 18-январындагы
№ 119/16-4 токтомуна
Токмок шаарынын 2017- жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылга карата милдеттери жөнүндө доклад
Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу Токмок шаарынын 2013-2017-жылдар аралыгындагы Өнүгүү стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында шаардын бүтүндөй коомчулугунун тикелей катышуусу аркылуу 2017-жылдын отчеттук мезгилинде Токмок шаарынын 2017-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү планында белгиленген максаттарга жетишүү жана милдеттерди аткаруу үчүн белгилүү иштерди аткарган.
ӨНӨР ЖАЙ
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү шаар боюнча 6330,9 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата көрсөткүч 2108,1 тыс. сомго көп болуп, номиналдуу өсүү ыргагы 148,1% түзгөн.
2017-жылдын отчеттук мезгилинин жыйынтыгы боюнча физикалык көлөмдүн индекси 147,3 пунктту түзгөн.
Жаңы кубаттуулуктарды ишке кийирүү боюнча иш-чаралардын алкагында «Токмок мунайды кайра иштетүүчү ишкер заводу» ЖЧКсы толугу менен пайдаланууга берилген.
Жеңил бензиндин изомеризациялоо агрегатын чогултуу (монтаждоо) боюнча иш-чаралар аякталды, бул бизге АИ-93, АИ-95 маркаларындагы бензинди, изомердик бензинди, түз иштетилүүчү бензинди, кургак газды, парафинди өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалык тарабынан бекитилген 2017-жылдын 13-январындагы № 47 кабыл алуу актысына ылайык ишкана толук масштабдуу көлөмдө иштеп баштады.
2018-жылы ишкана Россия Федерациясынын компаниялары менен чийки мунайзат алымсыз алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү жүргөн жагдайда 150,0 тонна мунайды кайра иштетүүнү пландоодо.
Токтоп турган кубаттуулуктарды ишке кийирүү жана жаңы кубаттуулуктарды түзүү боюнча иш-чаралардын алкагында токтоп турган “СССР-АС” ЖЧК өндүрүшүн ишке берүү боюнча Индиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр аяктады. 2017-жылдын 1-декабрында сүт азыктарын өндүрүүчү “Етрея Фуд” ЖЧКсына “СССР” ТОО менен “СССР-АС” ЖЧКсынын сүт заводунун баардык мүлк комплекси өткөрүлүп берилген.
“Токмок керамика-дубал материалдар заводу” ААК боюнча потенциалдуу инвесторлорду издөө улантылууда. 2018-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн 103,1% өсүү ыргагында 6,5 миллиард сом деңгээлине жеткирүү пландалууда.