Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 6-1
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштеринин отчету жөнүндө”
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча берилген маалыматы жактырылсын(тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2017-жылдын 28-октябрындагы № 6-1
токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери
Урматтуу төрага, айылдык кенештин депутаттары жана айылдардан келген мекеме-ишканалардын жетекчилери,
Урматтуу сессиянын катышуучулары !
2017-жыл Республикабызда “Ыйман, адеп жана маданият жылы”, ал эми районубузда “ Мекенди сүйүү ыймандан ” деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүбүздө атайын токтомдор кабыл алынып, ар тараптуу иш чаралар түзүлүп, көптөгөн иштер аткарылды.
Республикабыздагы жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштер катарында биздин айыл аймагыбызда алдыга койгон 9 айлык иш-пландарыбызды толугу менен аткардык. Атап айтканда айыл өкмөтүбүздүн тармактары боюнча белгилей кетсек:
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда алгылыктуу иштер аткарылды. Атап айтсак: 2017-жылдын 9 айында бекитилген бюджеттин киреше жагы трансферттер менен бирге жалпысы 14005,1 мин. сомду түзгөн болсо, аткарылганы 14413,1 мин сомду тузуп, план 102,9 % аткарылды.
Милдеттүү патент 56,9 мин сомго план бекитилип 60,0 мин сомго же болбосо 105,4 % аткарылды.
Киреше салыгы 9 айга 2717, 5 мин сомго пландаштырылып, 1793,0 мин сомго аткарылып 66% түздү.
Ыктыярдуу патент 465,4 мин сомго пландаштырылып, 456,5 мин сомго аткарылып 98 % түздү. Себеби айыл чарба тракторлорунан салык түшкөн эмес.
Транспорт салыгы 1000,0 мин сомго пландаштырылып, 1413,0 мин сомго аткарылып 141,3 % түздү.
Айыл чарба багытындагы жер салыгы 363,5 мин сомго пландаштырылып, аткарылганы 493,9 мин сом болуп 135,8 % түздү.
КБФ нын ижара акысы 410,0 мин сомго пландаштырылып, 685,9 мин сомго аткарылып 167,3 % түздү.
Таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салык 234,0 мин сомго пландаштырылып, 292,9 мин сомго аткарылып 121,7 % түздү.
1.1. Билим берүү тармагында
Айыл аймагындагы 5 орто, 1 мектеп-гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч мектепте 2016-2017-окуу жылында 305 мугалим 3233 окуучуга билим-тарбия беришти а. и . 193 окуучу 11-классты, 251 окуучу 9-классты бүтүштү.
Окуу жылы ичинде областтык олимпиадага 3 окуучу катышкан.
Борко лицейинин 10-классынын окуучусу Абыт кызы Элиза химия сабагынан 2-орунду (мугалими Жунусова Манзура), кыргыз тили жана адабияты сабагынан 11-класстын окуучусу Барнаева Адина 3-орунду (мугалими Асанбаева.Т.) камсыз кылышты. А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Орозали кызы Акжуурат англис тили сабагынан 3-орунду ээледи.
Жалпы Республикалык тестирлөөгө 156 бүтүрүүчү катышып, орточо балл 116 болду.
Жалпы Республикалык тестирлөөдө А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Темиралиева Мээрим 194 балл , Талыпжан уулу Расул 192 балл, С.Токторов атындагы орто мектебинин окуучусу Мустапакул кызы Кулпунай 164 балл, Борко лицейинин окуучулары Мансур кызы Танзилия 192 балл, Апсатар уулу Канат 189 балл, Барнаева Адина 187 балл, Токтоназар уулу Нурпазыл 181 балл, алууга жетишишкен.
Балдар бакчалары.
Айыл аймагындагы 7 балдар бакчасында 473 бала тарбияланып, айыл өкмөтү жана демөөрчүлөр тарабынан ремонт иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда «Көтөрмө-Нур» балдар бакчасы стим.гранттын эсебинен 3,0 млн.сомго капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
1.2. Саламаттык сактоо тармагында
Айылдык аймактагы “Кызыр-Ата” айылдык ооруканасындагы
(20 койкага эсептелген), № 10 23, 26-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторундагы
5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер элге стационардык жана амбулатордук кызмат корсотуп жатат.
Айылдык аймак боюнча ымыркайлардын өлүмүнүн 2016-2017-жылдардын 9 ай ичиндеги көрсөткүчү.
№ | Көрсөткүчтөр | 2016-ж. 9 айы | 2017-ж. 9 айы | + көбөйг. - азайган. |
1 | Тирүү төрөлгөндөр | 448 | 374 | -74 |
2 | Өлүк төрөлгөндөр | 1 | 2 | +1 |
3 | Бардык өлгөндөр | 65 | 64 | -1 |
4 | А.и.14 жашка чейинки өлгөнү | 6 | 6 | - |
5 | А.и.1 жашка чейинки өлгөнү | 6 | 5 | -1 |
6 | Төрөт үйүндө өлгөнү | 3 | 1 | -2 |
7 | Ооруканада өлгөнү | 3 | 5 | +2 |
8 | Анын ичинен аймактык ооруканада өлгөнү | 1 | 2 | +1 |
9 | Ооруканада 1 суткага чейинки өлгөнү | 1 | - | -1 |
10 | Ооруканадан сырткары өлгөнү | - | - | - |
11 | Ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 1000 төрөлгөн балага | 0.06 | 0.05 | х |