Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 7-1
«Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралган айылдык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 102-беренесине ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2018-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 18883,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2019-жылга 19070,8 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9464,0 мин сом менен) жана 2020-жылга 19042,0 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9046,2 мин сом менен) белгиленсин.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
5. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
6. 2018-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 80,0 мин сом суммасында белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
8. 2018-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кенешке ыйгарылсын.
9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Назарбаев |
Депутаттардын Кыргыз Ата айылдык
кенешинин (алтынчы шайланган) кезектеги
жетинчи сессиясынын
2017-жылдын 20- декабрындагы № 7-1 токтомуна
1-тиркеме
Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айылдык бюджетинин долбоору.
(мин сом)
Салык агенти тологон киреше салыгы | 3250 |
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык | 5,0 |
Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык | 97,0 |
Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы | 566,0 |
Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы | 113,5 |
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 1290,0 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 361,0 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 491,8 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 190,0 |
Сатуудан тушкон салык | 379,0 |
Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо | 300,0 |
Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 90,0 |
Жайыт ижарасы учун акы |
|
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 651,0 |
Таштанды толому | 234,0 |
Атайын каражаттар | 1232,5 |
Тендоочу грант | 9632,5 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 18883,3 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 7603,8 |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду | 180,0 |
Коргонуу | 100,0 |
Айыл чарбасы | 732,0 |
Коммуналдык чарба | 1874,6 |
Маданият | 1989,3 |
Билим берүү | 6080,6 |
Социалдык коргоо | 323,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 18883,3 |