Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кара-Балта шаарынын территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарын көрктөндүрүү боюнча» Эрежени бекитүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. “Кара-Балта шаарын көрктөндүрүү боюнча» Эреже, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Аалыев |
Кара-Балта шаардык кеңешинин
2018 жылдын 09 августу №2
Токтомуна №1-тиркеме
Кара-Балта шаарын көркктөндүрүү
Эрежелери
I. Жалпы жоболор
II. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
III. Таштанды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
IV. Шаар аймагын тазалоону уюштуруу жана санитардык жактан кармоо
V. Шаар аймагын күз-кыш мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү
VI. Шаар аймагын жаз-жай мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү
VII. Жолдорду жайында тазалоого коюлчу талаптар (өзүнчө элементтер боюнча)
VIII. Көркктөндүрүү, тазалык жана тартипти камсыз кылуу
IX. Жашыл бак-дарактар
X. Жашыл бак-дарактарды багуу, кам көрүү, шаар аймагын жашылдандыруу