Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 29/2-8
Чолпон-Ата шаарынын Жайыт комитетинин 2017-жыл 4-апрелдеги иш кагазын, жайыт маселелери боюнча элдик сходдун , шаардык кеңештин «Экология, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, транспорт байланышы, жер (жайыт,үлүш) жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарынын жайыт комитетинин мүчөлөрү № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чолпон-Ата шаарынын жайыт комитетинин 2017-жылга карата иш-планы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучу менен жайыт комитетинин ортосундагы малды жаюу үчүн жайыт жерлерин пайдаланууга берүү макулдашуусу № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жайытка чыга турган малдарга төлөнүүчү акылар төмөндөгүдөй суммада коюлсун:
-бир бодо малга биринчи айда 350с, андан кийинки айларга 300сомдон;
-бир кой-эчкиге биринчи айда 60 с, андан кийинки айларга 50сомдон.
5. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына:
- жайыт чек арасынын маселесин жайыт комитети менен бирдикте чечүү тапшырылсын;
- борбордук паркка, эс алуу жайларынын аймагына бодо малдар кирип, гүлдөрдү, чөптөрдү жеп, санитардык абалды бузса, жеке менчик мал ээлерине ар бирине 5000 (беш миң) сом өлчөмүндөгү айып пулу салынсын;
- үлүш жерлердеги айдалган эгиндерге, көп жылдык чөптөргө бодо малдар, кой-эчкилер кирип зыян келтирсе, зыяндын өлчөмү эсептелинип мал ээлери аркылуу жабырлануучуга төлөнүп берилсин, ошондой эле жеке менчик мал ээлерине ар бир бодо малга 1000 (бир миң) сом, ар бир кой-эчкиге 300(үч жүз) сом өлчөмүндөгү айып пулдары салынсын;
- айып салынган малдарды кармалуучу жай даярдалып, салынган айып пулдар мэриянын эсептик счетуна которулсун.
6. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо, КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү шаардык кеңештин аппаратына тапшырылсын.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин «Экология, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, транспорт байланышы, жер(жайыт,үлүш) жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Сарбагышев |
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин
«25» апрель 2017-жылдагы
№29/2-8 токтомунун
№ 1 тиркемеси
Чолпон-Ата шаарынын жайыт комитетинин мүчөлөрү
1. Бакиров Азамат-жайыт комитетинин төрагасы
2. Иманбеков Бердибек Шайлообекович-шаардык кеңештин депутаты
3. Токталиев Самат Саламатович-шаардын тургуну
4. Бакиров Чоро Жунушакунович-шаардын тургуну
5. Акматов Жангазы Урсаевич-шаардын тургуну
6. Чекиров Бекмурат Сокинович-жүз башы
7. Исакожоев Нурлан Асанович-жүз башы
8. Кулабаев Улан Кеңешович-жүз башы
9. Көлбаев Нурбек Асанканович-жүз башы
10. Орузбаев Эшмухамет Дүйшөналиевич-ветеринардык адис