Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № XXII/I
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети 2020-2021- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 15923,8 миң сом (Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 7350,4 миң сомду кошкондо) өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц фондко чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
5. Кирешенин болжоолу 2020-жылга 16639,1 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 7116,7 миң сом) 2021-жылга 17184,8 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 6670,4 миң сом) белгиленсин. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжоолу жактырылсын,аларды ар бир конкретүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
6. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.Айылдык бюджеттик мекемелери казналыктын региондук бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
7. Атайын каражаттар казналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин 2020-2021-жылдарга болжоолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып койулары эскертилсин.
8. Айыл өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келсе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;
Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
9. 2019-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.
10. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык экономикалык негиздерин чыңдоо,алардын каржылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун касыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
11. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 11,5 айына бюджетинин киреше бөлүгү 14629,4 миң сомго,чыгаша бөлүгү 11704,8 миң сомго аткарылганы бекитилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |
Депутаттардын Кара-Таш айыл
кенешинин (VI-чакырылышы) кезектеги
ХXII сессиясынын №1 токтомуна № 1 тиркеме
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айылдык бюджети
(мин сом)
Салык агенти тологон киреше салыгы | 3094,0 |
Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы | 0,0 |
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык | 0,0 |
Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык | 25,0 |
Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы | 289,8 |
Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы | 31,5 |
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 1060,0 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 380,3 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 489,4 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 110,0 |
Сатуудан тушкон салык | 167,0 |
Роялти | 5,0 |
Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо | 650,0 |
Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 162,0 |
Жайыт ижарасы учун акы | 380,8 |
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 190,0 |
Таштанды толому | 263,0 |
Мамлекеттиктик алымдар | 0,0 |
Атайын каражаттар | 1275,6 |
Административтик штрафтар | 0,0 |
Активдер жана милдеттемелер | 0,0 |
Толуктоочу грант | 7350,4 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 15923,8 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 5644,3 |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду | 159,0 |
Коргонуу | 30,0 |
Жайыт комитетинин жумуштарына | 299,7 |
Айыл чарбасы | 990,0 |
Коммуналдык чарба | 2648,5 |
Маданият | 1164,2 |
Билим берүү | 3542,5 |
Социалдык коргоо | 170,0 |
Атайын каражаттар | 1275,6 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 15923,8 |