Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 118/16-4
Муниципалдык кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү максатында, Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин кызматкерлердин профсоюздук комитетинин төрагасынын жааматтык келишими жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин кызматкерлердин жааматтык келишими бекитилсин (тиркеме).
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттарынын жалпы чогулушунда кабыл алынган 2018-жылдын 15-январынын № 31 протоколу
| Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 18-январынын №118/16-4 токтому менен бекитилген |
Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Жалпы жоболор
Бул жамааттык келишим иш берүүчүлөр Токмок шаарынын мэри
Ж.Дж Шамыралиев, Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Т.А.Солтобаев, мындан ары карай “Администрация” менен Токмок шаардык мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын Токмок шаардык мэриясы менен Токмок шаардык кеңешинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик союзунун кесиптик союзу комитетинин төрагасы Б.К.Кадыркуловдун, мындан ары карай “Кесиптик союз комитети” ортосундагы эмгек жана социалдык мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик акт болуп эсептелет.
Жамааттык келишим Кыргыз республикасынын “Жамааттык келишимдер жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык кесиптик союздун мүчөлөрү болуп эсептелген муниципалдык кызматкерлердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргогон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамдарда каралбаган белгиленген жана кошумча эмгек, социалдык-тиричилик жеңидиктери менен кепилдиктерди камтыйт.
Ушул Келишимде пайдаланылган кыскартуулар:
ЭК- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
ЖК-Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишимдер жөнүндө» Мыйзамы;
ЖӨБ-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө
Жамааттын ишмердүүлүгү жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Кесиптик союз комиетинин мүчөлөрү эмгек жамааттарынын алдына коюлган башкы милдеттер:
1.1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2. Токмок шаарынын калкына берилген аймакта жашоону камсыз кылган социалдык жана маданий тейлөөлөрдүн иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылууну уюштуруу;