Загрузка документа…
ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-январы № 3
Талды-Булак айыл аймагынын Талды-Булак айыл кенеши озунун иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомдорун колдонуп, Кыргыз Республикасынын “Оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамынын 28-беренесинин 1-п.,29-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Булак айыл кенешинин Типтуу Регламенти бекитилсин.
2. Бекитилген Типтуу Регламент Талды-Булак айыл окмотунун веб-сайтына жарыялансын.
3. Бекитилген Талды-Булак айыл кенешинин Типтуу Регламентин Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгында мамлекеттик реестрине киргизилсин.
Төрага | Б. Кененсариев |
Талды-Булак айыл кеӊешинин 2018-жылдын 15-январында №3 токтому менен бекитилген |
Талды-Булак айыл аймагынын Талды-Булак айыл кеңешинин
Типтүү Регламенти
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде иштелип чыкты
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Айыл аймагынын кеңеши
1.1. Айыл аймагынын кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айыл аймагынын кеңешини иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айыл кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айыл аймагынын кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айыл аймагынын кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
Айыл аймагынын кеңешинин компетенциясы
2.1.Айыл аймагынын кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;