Загрузка документа…
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры № 1
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосунун” негизинде, Лебединовка айылдык Кеңешинин 13 сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Лебединовка айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Лебединовка айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Лебединовка айыл ѳкмѳтү Лебединовка айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырсын жана юстиция органдарына каттодон ѳткѳрсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лебединовка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Ш.Солтоновго жүктөлсүн.
Төрага | К.К. Умурбаев |
1-тиркеме
Лебединовка айылдык Кеңешинин,
2018-жылдын 14 декабрындагы
13 сессиясынын № 1 токтому
менен бекитилген
Лебединовка айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиясы тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Лебединовка айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын(мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия Лебединовка айылдык кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы Лебединовка айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия Лебединовка айылдык кеңештиналдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Лебединовка айылдык кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.