Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 4-августундагы № 04 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018 жылдын 31 декабры № 1

«Кара-Балта шаарындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу» Жобону бекитүү жөнүндө

 

(Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-декабрындагы № 02 токтомуна редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин натыйжалуу ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кара-Балта шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу» Жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Балта шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын сандык жана персоналдык курамы, № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Аалыев

КБШКнын № 1 «31» декабрь 2018 ж.

токтомуна № 2 тиркеме

«Кара-Балта шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу»

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Типтүү жобоКыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнчакомиссияларын (мындан ары - Комиссия)түзүүнүн жана алардын ишинин тартибинаныктайт.

2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.

3. Комиссия жөнүндөжобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобонужетекчиликке алат.

5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.

6. Комиссия жергиликтүү кеңештиналдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.

7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби

8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.

10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:

- жергиликтүү кеңештиндепутаттары;