Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы ПЖ № 202 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
2021-жылдын 8-февралы ПЖ № 25
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи катары айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, айыл чарба продукциясынын, чийки заттын, азык-түлүктүн рыногун мындан ары өнүктүрүү, агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын көтөрүү, агрардык сектордун тармактарына дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- Кыргыз Республикасын агрардык өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана кароого киргизүү;
- айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун жана рыноктук жүгүртүүнүн натыйжалуулугун көтөрүү;
- кооперативдерди, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүүгө Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин бөлүгүн айыл чарба боюнча ыйгарым укуктуу органдын башкаруусуна берүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
- улуттук жана облустук деңгээлдерде агроөнөр жай комплексинде чарба жүргүзүүнүн кластердик ыкмаларын киргизүү, анын ичинде сүттү, этти, грек жаңгагын, дары чөптөрдү, жүндү жана терини иштетүү, балык багуу, була өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча агрокластерлерди уюштуруу;
- төмөнкүлөргө шарттарды түзүү:
өзүнүн жер участкаларында фермердикти жүргүзүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон фермаларды курууга мүмкүнчүлүк берүү, анын ичинде фискалдык дем берүү менен ири жер пайдалануучуларга (100 га жана жогору);
тобокелдүү дыйканчылык жүргүзүү жана мал жаюу зоналарында агрокамсыздандыруу системасын киргизүүгө;
адал айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө;
- өнөр жай ишканаларына, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын резиденттерине, ошондой эле текстиль жана тигүү өнөр жайынын ишканаларына даяр продукцияны өндүрүүдө айыл чарба чийки заттарын жана материалдарды (була өсүмдүктөрүн, терини жана жүндү ж.б.) колдонуусуна шарттарды жана дем берүү механизмдерин түзүү;
- фермерлердин инновацияларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча тармактык илим жана кластердик бирикмелер менен кооперациялоо механизмдерин түзүү жана айыл чарбасында заманбап технологияларды, анын ичинде ресурсту үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү камсыз кылуу;