ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2021-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 85 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы»Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакцияот 10.04.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 10-апрели ПЖ № 85

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

II бөлүмүнүн "Административдик мамлекеттик кызмат орундары" деген 4-главасында:

1) 4.6-пунктундагы "Б-А" категориясы үчүн "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук бөлүмдөрү" графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары(*)

Башка ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары";

2) 4.8-пунктунун үчүнчү графасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ведомстволук бөлүмдөр";

- Ж-Б категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*)";

- "Б-А" категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары(*)

Башка ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров