КР Президентинин 2021-жылдын 27-августундагы ПЖ № 368 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 27-августу ПЖ № 368
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу төмөнкүлөр:
сыйлансын: | ||
III даражадагы "Манас" ордени менен: | ||
Кидибаев Мустафа Мусаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ж.Жеенбаев атындагы Физика институтунун кристаллофизика жана радиометрия лабораториясынын башчысы; |
Турсунбек Акун | - | Борбордук Азия боюнча адам укуктары боюнча конгрессинин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы; |
"Даңк" ордени менен | ||
Токталиев Акин Усубалиевич | - | коомдук укук коргоочу, адвокат, "Кыргызстан элинин ар намысын жана абийирин коргоо комитети" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
"Эрдик" медалы менен | ||
Жусупов Кубанычбек Эргашбаевич | - | Ош облусунун Араван районундагы Кичи-Алай айылынын тургуну; |
"Даңк" медалы менен: | ||
Абдырахманов Абдыкар | - | пенсионер, тракторист; |
Акматова Каныкей Мукашовна | - | "Май-Булак Каракол" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы технологу; |
Аракеев Баратбай Шаршеевич | - | пенсионер; |
Аттокуров Карагул Сопуевич | - | Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылынын фермери; |
Базарбаев Чапырашты | - | пенсионер, коомдук ишмер; |
Даиров Рахимбек | - | Т.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун редакциялык-басма бөлүмүнүн башкы адиси; |
Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин колдонмо математика жана информатика кафедрасынын башчысы; |
Машанло Амина Лючировна | - | "Кыргызстан дунгандарынын этностук коомдоштугунун ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары; |
Низовский Юрий Николаевич | - | Бишкек шаарынын Е.Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин директору; |
Султангазиев Кудайберген Салидинович | - | "Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун радиорелейлик станциялардын чыгыш башкармалыгынын административдик-чарбалык бөлүмүнүн начальниги; |
Шеримбекова Майрамкуль Исажановна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын салыктык чараларды талдоо жана баалоо секторунун башчысы; |
ыйгарылсын: | ||
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" ардак наамы: | ||
Абдырахманова Бурулжан Чокаевнага | - | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун А.Маматов атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
Гайыпова Урумпаша Азимжановнага | - | Баткен облусунун Баткен районунун Т.Садыков атындагы орто мектебинин математика мугалими; |
Жусубалиева Кымбат Кыдырмышовнага | - | Нарын облусунун Ат-Башы районунун Боогачы атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими; |
Иманбердиев Төрөбек Амановичке | - | Нарын облусунун Ат-Башы районунун Карабек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин директорунун башталгыч класстарынын окуу иштери боюнча орун басары; |
Исакова Тазагулгө | - | Баткен облусунун Баткен районунун С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектебинин англис тили мугалими; |
Истамова Бурул Кубалдаевнага | - | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун О.Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими; |
Көкөнбаев Нуканга | - | Нарын облусунун Кочкор районунун К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин биология мугалими; |
Курманалиева Турдубубугө | - | Бишкек шаарынын Р.Шүкүрбеков атындагы № 38 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин математика мугалими; |
Макыев Турганбайга | - | Ош облусунун Кара-Кулжа районунун М.Абакиров атындагы "Токбай-Талаа" орто мектебинин математика мугалими; |
Муслина Наталья Геннадьевнага | - | Бишкек шаарынын И.В.Панфилов атындагы № 6 мектеп-гимназия автордук окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалими; |
Омурзакова Тажыбубугө | - | Бишкек шаарынын № 31 мектеп-гимназиясынын директору; |
"Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы: | ||
Агайдарова Аэлита Ураловнага | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун балдарды тарбиялоо жана билим берүү борборунун директору; |
Асанова Алтынга | - | К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы; |
Калдыбаев Салидин Кадыркуловичке | - | "Ала-Тоо" эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору; |
Каримов Салыга | - | Ош мамлекеттик университетинин математикалык анализ кафедрасынын башчысы; |
Молдосанов Саламат Усенбаевичке | - | И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин директору; |
Ниязова Анара Натуевнага | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын башчысы; |
Саралаев Маратка | - | Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын педагогика, психология жана дене тарбия тарыхы кафедрасынын доценти; |
Ситникова Маргарита Хамзеевнага | - | Бишкек шаарынын № 59 жалпы билим берүү орто мектебинин директору; |
Эдилова Мариям Миталиповнага | - | "Ала-Тоо" эл аралык университетинин факультеттер аралык мамлекеттик сабактарды окутуу кафедрасынын профессору; |
"Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы: | ||
Абдрахманов Толобек Абыловичке | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору; |
Лазьков Георгий Анатольевичке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун флора лабораториясынын башчысы; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамы: | ||
Джоробекова Арзыгуль Мамаюнусовнага | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын башчысынын илимий иштер боюнча орун басары; |
Токтосунов Шарабидин Бекташевичке | - | адвокат, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Бишкек шаарынын аймактык адвокатурасынын мүчөсү; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" ардак наамы: | ||
Жениш Нурбекке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; |
Шаршенова Токтобубу Джолдошовнага | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын бюджеттик пландоо жана орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" ардак наамы: | ||
Есеналиев Адыл Асановичке | - | "ЖБИ-Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары; |
Макеев Туратбек Кадыкеевичке | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолдору башкармалыгынын начальниги; |
Омуралиев Каныбек Джамакеевичке | - | "СМУТТ" жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору, Каракол шаары, Ысык-Көл облусу; |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы | ||
Анарбаев Мусурман Абдуманнабовичке | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын коомдук кеңешчиси; |
|
| "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы |
Грязнов Геннадий Владимировичке | - | "Sky KG Airlines" (Скай Кей Джи Эйрлайнс) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары; |
"Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы | ||
Садамкулова Фатима Исагуловнага | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы; |
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы: | ||
Беков Торогул Ниязовичке | - | "Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору" мекемесинин директору, Бишкек шаары; |
Сооронбаев Токтогул Полотовичке | - | "Нур" дыйкан чарбасынын төрагасы, Ноокен району, Жалал-Абад облусу; |
"Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы: | ||
Алмакучуков Окмотбек Мукашовичке | - | "Park Hotel" (Парк Отель) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары, Бишкек шаары; |
Насирдинов Акжолтойго | - | "Ак Бермет" эс алуу жана туризм комплекси" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Көл облусу; |
"Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы: | ||
Абдырахманова Джипаркуль Омушевнага | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин дене тарбия жана спорт мугалимдер бөлүмүнүн башчысы; |
Эсенбаев Бекжан Исаевичке | - | Талас шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын: | ||
Абдуллаева Райхан | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили кафедрасынын доценти; |
Абдулуев Абдугапар | - | Баткен облусунун Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси, "Исфайрам" футбол клубунун машыктыруучусу; |
Абрамова Ирина Владимировна | - | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Бишкек-1 станциясынын эмгекти уюштуруу жана ченемдөө боюнча инженери; |
Аманалиев Джоомарт Абасканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Клиникалык оорукана" мамлекеттик мекемесинин директорунун чарба иштери боюнча орун басары; |
Арынова Рахима Туйгуновна | - | Баткен облусунун Кадамжай районунун М.Горький атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
Бактыгулова Канайым Джумадиловна | - | Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Батыралиев Адылбек | - | Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасынын доценти; |
Бегалиева Толкун Ибирагимовна | - | Ош облусунун Алай районунун К.Султанов атындагы № 11 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
Бегалиев Канатбек Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын ардактуу вице-президенти; |
Бөтөноев Советбек Сапарбекович | - | Ош облусунун Кара-Кулжа районунун "Айдың-Көл" орто мектебинин тарых мугалими; |
Вантрусов Александр Федорович | - | Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Жеңиштин 60 жылдыгы атындагы № 2 орто мектебинин тарых мугалими; |
Гапаров Абдурашид Матаевич | - | "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалынын директорунун учууларды радиотехникалык жактан камсыздоо боюнча орун басары; |
Гусева Валентина Митрофановна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "№ 144 бала бакча" мамлекеттик мекемесинин бухгалтер-кассири; |
Даабеков Абдинави | - | Баткен облусунун Баткен районунун Т.Садыков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
Даниярова Алмакул Соорбековна | - | Талас облусунун Бакай-Ата районунун Орой айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы; |
Джаркинбаева Гульмира Турдубаевна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын директорунун окуу-тарбиялык иштер боюнча орун басары; |
Ермекбаев Амангельды Зинуллович | - | "Укук, финансы жана бизнес эл аралык башкаруу академиясы" илимий-билим берүү мекемесинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, Бишкек шаары; |
Жаркынова Бүзайнап | - | Баткен облусунун Баткен районунун С.Эрматов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими; |
Жумабаев Темирбек Абдысаматович | - | "Интергласс" жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүш директору; |
Иманалиев Сыдык Садырбаевич | - | С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын башчысы; |
Иманкулова Сыйнаш Эсенкуловна | - | Чүй облусунун Аламүдүн районунун О.Турсуматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
Казакова Айтунук Галбаевна | - | Баткен облусунун Баткен районунун З.Абдукаримов атындагы орто мектебинин тарых мугалими; |
Карагулов Аманат Нурдинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Касенов Шаршеналы Рахимович | - | "Дордой ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин вице-президенти; |
Касымбеков Рыскул | - | Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Оргочор" мамлекеттик асыл-тукум заводунун илимий консультанты; |
Климова Елена Викторовна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Чүй облустук статистика башкармалыгынын жетекчисинин орун басары; |
Курманалиева Гүльмира Кызалаковна | - | Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын № 6 "Наристе" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору; |
Майер Макс Георг | - | Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Малдыбаева Калиман Жанузаковна | - | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Акун Мыктыбек уулу атындагы Чоң-Өрүктү жалпы орто билим берүү мектебинин химия мугалими; |
Мамаярова Салима Кушмурадовна | - | Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы; |
Момункулова Мээрим Авасбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; |
Мурзакулов Сапарбек Сыдыкович | - | "Ашар" козголушу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаары; |
Мусаева Венера Инятовна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин башталгыч класстарда кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу; |
Нурбаева Рахат Абдырахмановна | - | Баткен облусунун Кадамжай районунун С.Тешеев атындагы № 34 орто мектебинин биология мугалими; |
Оганесьян Анаида Георгиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы штабынын талдоо жана пландоо бөлүмүнүн начальниги; |
Ормонова Сыядат Акматбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын ДСУ (Дүйнөлүк соода уюму) маселелери боюнча секторунун башчысы; |
Осмонов Бакыт Сардалбекович | - | Бишкек шаарынын № 20 кесиптик лицейинин директору; |
Өзүбекова Кыйырбү Калманбетовна | - | Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Б.Үрстөмбеков атындагы № 3 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими; |
Өмүралиев Керимбек Эралиевич | - | Талас облусунун Талас районунун балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу; |
Пирматова Топчугүл Масеитовна | - | Баткен облустук китепканасынын директору; |
Сайфуллин Ибрагим Рафкатович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын эл аралык резервдерди жайгаштыруу бөлүмүнүн начальниги; |
Сапаралиев Абдыманап Мырзаканович | - | Талас облусунун Бакай-Ата районунун К.Манапбаев атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору; |
Сатарова Ратбү | - | Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы № 2 орто мектебинин англис тили мугалими; |
Скакова Гүлнара Масалбековна | - | Талас облусунун Талас районунун Ш.Нурбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
Сологубов Вадим Николаевич | - | "Темирбетон-Азат" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Бишкек шаары; |
Соломко Ирина Петровна | - | Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук "Сейтек" борборунун "Улыбка" элдик үлгүлүү хореографиялык бий ансамблинин жетекчиси; |
Тогузбаева Нина Сергеевна | - | пенсионер; |
Туменбаев Садыкбек Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун жарандык курулуш объекттерин долбоорлоо боюнча устаканасынын башчысы, долбоорлордун башкы архитектору; |
Убукеев Сеит Мелисович | - | Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы Элчилигинин кеңешчиси; |
Умарова Суюн | - | Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ж.Мамытбеков атындагы № 10 жалпы билим берүү орто мектебинин физика мугалими; |
Халмурзаева Зебинисо Умаровна | - | Баткен облусунун Лейлек районундагы "Достук" орто мектебинин социалдык педагогу; |
Чойбеков Таирбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү, Жалал-Абад облусу боюнча региондук директору. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |