Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык 2026-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 Жарлыгына) |
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы
(КР Президентинин 2024-жылдын 30-июлундагы ПЖ № 210 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
I. Киришүү
Жарандардын бакубаттыгын арттырууга багытталган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары - Программа) 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында, Туруктуу өнүгүү максаттарынын (мындан ары - ТӨМ) "артта эч кимди калтырбоо" деген негизги милдеттенмесине басым жасап жана адамга багытталган өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына таянып, уланмалуулук принцибин сактоо менен иштелип чыкты.
Жаңы программалык документти иштеп чыгуунун зарылчылыгы соңку бир нече жылда өлкөдө болуп өткөн өзгөрүүлөргө байланыштуу келип чыкты: биринчиден, коронавирустук инфекция жайылды жана ал жарандардын турмушунун сапатына, социалдык-экономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизди; экинчиден, 2020-жылдын октябрында өлкөдө саясий жетекчиликтин алмашуусу менен байланышкан кезектеги коомдук-саясий кырдаал курчуду; үчүнчүдөн, тышкы дүйнө менен болгон өз ара мамиле кыйла чектелди жана ресурстарды алуу мүмкүнчүлүгү азайды. Негизи, жаңы реалдуулук түзүлдү, мында айрым чектөөлөр белгисиз мөөнөткө чейин сакталышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу ушул документтин актуалдуулугу өлкөдө, региондо жана дүйнөдө болгон өзгөртүүлөрдү эске алуу менен андан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын түзүүдө турат. Программа өлкөнүн келечегин аныктаган жана мамлекеттик башкаруунун бардык системасы үчүн багыт берген мамлекеттик документ катары каралууга тийиш. Программанын жоболору жана принциптери Кыргыз Республикасындагы тармактык жана аймактык документтерге негиз болушу керек.
1.1. Максаттар жана артыкчылыктуу багыттар
Жалпы келечек Кыргыз Республикасын мүмкүнчүлүгү көп, жашоодо тандоо укугу бар адамдар жашаган бүтүн, көз карандысыз жана ыңгайлуу өлкө, эркин жана бакубат жарандардын өлкөсү катары узак мөөнөттүү келечекте (2040-жылга чейин) өнүктүрүү менен тыгыз байланышкан.
Программанын максаттары болуп өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн чөйрөнү түзүү аркылуу жарандардын бакубаттыгын арттыруу, кризиске каршы чараларды ишке ашыруу жана өнүгүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына ийгиликтүү жетишүү үчүн негиздерди түзүү эсептелет.
Бүгүн Кыргыз Республикасы адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингинде 189 өлкөнүн ичинен 120-орунда, глобалдуу атаандаштык индекси боюнча 141 өлкөнүн ичинен 96-орунда турат. Соңку жылдары бул индекстер боюнча өлкөнүн позициясы начарлап жатат. Ушул Программаны ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасы негизги эл аралык рейтингдер боюнча өзүнүн позициясын жакшыртат деп күтүлүүдө. Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу жагында кыйла прогресске жетишилет.
Программаны ишке ашыруу өлкөнүн улуттук байлыгын жана жарандардын бакубаттыгын кеминде төрттөн бирине өстүрүүнү камсыз кылат. Экономикалык өсүш туруктуу болуп, калктын кирешелериндеги теңсиздик кыскарат, орто класс кеңейет. Экономиканын эмгек сыйымдуу секторлорун колдоо жана өнүктүрүү экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктары болуп калат.
Айылдарда жакшы жылыштар болот, шаардагы турмуш менен айылдагы турмуштун айырмачылыгы азаят. Жаңы ишканалар ишке киргизилип, жумуш орундары түзүлөт. Шаарлардын жана айылдардын көчөлөрү таза жана коопсуз болот. Адамдарда келечекке болгон ишеним артып, алар өз мекенинде өздөрүнүн жөндөмдөрүн ишке ашыра алышат. Татыктуу эмгектин стандарттарын этабы менен киргизүү (татыктуу эмгек акы, татыктуу иш, социалдык өнөктөштүк) адамдын бакубаттыгынын жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.
Бул Программа төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүүнү көздөйт:
1) ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5% деңгээлде камсыз кылуу;
2) ИДПны калктын жан башына алганда кеминде 1500 АКШ долларына жеткирүү;
3) жумушсуздуктун деңгээлин 5%га чейин төмөндөтүү;
4) тикелей чет элдик инвестициялардын ар жылдык келүүсүн кеминде ИДПнын 13% өлчөмүнө жеткирүү;